Дүйнөнү жомок аркылуу таануу!
March 31, 2016, 06:00Баарыбызга белгилүү болгондой, дал жомок баланы курчап турган дүйнө менен тааныштыра баштайт. Жомок дүйнөсүнө жуурулушкан балдардын ой чабыты мыкты жана элестетүүсү алда канча өнүккөн, алар мээримдүү болуп калат. Жомоктор негизинен мектепке чейинки балдар арасында алда канча белгилүү, бирок кенже мектеп курагындагы балдар сыйкырдуу окуялардын каарамандары менен бирге күйүп-бышууга кудуреттүү экенин эске тутуу керек. Жомоктор баланын сезимдерин өнүктүрүү үчүн эң жеткиликтүү ыкма болуп саналат. Дал жомоктор мыкты мугалим боло алаарын унутууга болбойт, алар жаман менен жакшыны ажырата билүүгө үйрөтөт жана адептик дөөлөттөрдү калыптандыруу учурунда алгачкы түшүнүктөрдү берет. Ошондуктан Кыргызстандын көптөгөн белгилүү адамдары менен бирдикте биз балдарга жомокторду окуйбуз. Бүгүн белгилүү балдар жазуучусу Жылдыз Акаева Нарын областынын Кочкор районундагы Кызыл Дөбө орто мектебинин балдарына жомок окуп берет. Эгерде китеп окуу иллюстрацияларды жана сүрөттөрдү көрүү менен коштолсо, бул балдарга жакшы өнүгүүгө, жомокту жакшы түшүнүүгө жардам берет, ал эми бизде болгондой, жомокту угуу учурунда каармандарды куурчак түрүндө да көрсөтсө, балдар каармандарды жана сюжетти жакшы элестете алат жана алар үчүн күйүп-бышат. Ал эми жомокту окуп бүткөндөн кийин талкуулоо баланын эске тутуусун, сөз сүйлөөсүн өнүктүрүүгө, анын ой жүгүртүүсүн билүүгө жардам берет. Биз бүгүнкү китеп окуу биздин балдарыбыз үчүн абдан кызыктуу жана таасирдүү болду деп ойлойбуз!!!