logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

Бишкектин мектептериндеги үгүт бригадаларынын шаардык конкурсу

March 28, 2016, 06:00

25-мартта «Жаш бишкектиктин эко-эрежелери» темасына экологиялык үгүт бригадаларынын жана театрлаштырылган оюн-зооктордун шаардык конкурсу болуп өттү, ага Бишкек шаарынын 18 мектеби катышты.   Белгилеп кетүү керек, балдар актердук чеберчиликтин жогорку деңгээлин көрсөттү, экологияны коргоонун жана курч экологиялык көйгөйлөрдүн темасын, ошондой эле туулуп-өскөн шаардагы жана өлкөдөгү бүгүнкү күндөгү курчап турган чөйрөнүн абалы үчүн жаш муундун жоопкерчилигин ачып көрсөттү.   Конкурстун максаты: • жаратылыш байлыктарын сактоо жана көбөйтүү ишинде экологиялык агартууга кызыгууну өнүктүрүү; • курчап турган чөйрөнү коргоо көйгөйлөрүнө окуучулардын көңүлүн буруу; • жаратылышка аяр мамилени көркөм чыгармачылыктын каражаттары менен даңазалоо.   Конкурстун милдеттери: • театрдык-чыгармачылык иш аркылуу экологиялык агартуу жагынан иш жүргүзгөн окуучуларды аныктоо жана кубаттоо; • шаар калкынын арасында экологиялык маданиятты пропагандалоо үчүн мыкты үгүт бригадаларын тартуу; • экологиялык тарбиялоонун жана билим берүүнүн таасирдүү формасы катары балдардын жаратылышты коргоо кыймылдарын калыптандыруу; • окуучуларда экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө катышы бар экендигинин сезимин өнүктүрүү.   Үгүт бригадаларынын шаардык конкурсунун мыкты командалары 22-апрелде саат 14:00-15:30да төртүнчү Билим берүү фестивалынын биринчи күнүндө И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) чоң залында оюн көрсөтөт, ал жерде ушул иш-чаранын жеңген командалары сыйланат.   Бул иш-чара «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында өттү.

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram