logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

«ТазаБИШ» 5-акциясы аяктады!

March 26, 2016, 06:00

Бүгүн эко-акциянын уюштуруучуларын кубандырып эртең менентен тартып күн жакшы тийип турду. Фонддун кызматкерлери Prego ресторандар тармагынын кызматкерлери менен бирдикте бешинчи ТазаБИШ акциясына чогулду. Биз – гүл-кооз өсүмдүктөр лабораториясында, ал эми Prego кызматкерлери бак жана бадал өсүмдүктөр лабораториясында иштеди, ал жерде тазалоо, кыркуу жана бактардын тамырларын жулуп салуу жүргүзүлгөн. Акциянын аягына карата биз өзүбүзгө бөлүнгөн аянтчаларда конкреттүү натыйжаны көрдүк. Сыйлык катары, Ботаникалык бакчанын кызматкерлери биз үчүн экскурсия өткөрдү. Гареев атындагы Ботаникалык бакча 1938-жылы негизделгенин белгилеп кетүү керек. КР УИАнын Ботаникалык бакчасы – Борбордук Азиядагы ири ботаникалык бакчалардын бири, анын кайталангыс коллекциялык фонду жогорку өсүмдүктөрдүн 5000ге жакын таксондорун түзөт. Биз ар бирибиз жасалган иштен, өз шаарыбызды көрктөндүрүүгө кошкон салымыбыздан канааттануу алдык.   Жигердүү катышканыңар үчүн бардыгыңарга ыракмат!

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram