Борбор шаарда «Чет өлкөдөгү кыргызстандык диаспоралар дераметин карталоо» изилдөөсүнүн бетачары өттү
December 17, 2015, 06:0015 декабрда Бишкекте Швейцария Өкмөтүнүн финансылык колдоосу алдында «Мекендештер форуму» долбоорунун алкактарында «Роза Отунбаеванын Демилегелери» Эл аралык коомдук фонду жана Миграция боюнча Эл аралык уюм (МЭУ) жана БУУ Өнүгүү Программасы (БУУӨП) тарабынан ишке ашырылып жаткан Миграциялык күчтөрдү бардык жерде өнүгүүнүн улуттук стратегиясына кошуу боюнча биргелешкен Глобалдык программа тарабынан жүргүзүлгөн «Чет өлкөдөгү кыргызстандык диаспоралардын дараметин карталоо» изилдөөсүнүн натыйжаларынын бетачары болуп өттү. «Роза Отунбаеванын Демилегелери» Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Д. Ш. Кендирбаеванын сөзү боюнча «Бүгүнкү иш чаранын негизги максаты – биздин өлкө үчүн өнүгүүнүн жаңы жолдорун көрсөтүү. Бүгүнкү күндө көпчүлүк өлкөнүн идеологиясы жок экенин жана бизде баардыгы жаман экенин айтып наалышат. Биз сиздерди Ата Мекенинен алыста жүрүшсө да, ага өз жардамдарын көрсөтүп келе жатышкан биздин чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиз менен тааныштыргыбыз келет. Чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандыктар ушундай деңгээлге жетишти, алар азыр өлкөбүзгө инвестицияларды чегере алышат, КР Өкмөтүнүн алдында мекендештер менен байланыштар боюнча Кеңеш түзүлдү, мамлекет чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар менен кызматташууга, алардын муктаждыктарына жардам көрсөтүүгө даярбы. Биз мына ушул маселелердин баардыгын бүгүн көтөрөбүз». Бүгүнкү күндө чет өлкөлөрдө жашап жатышкан кыргызстандыктардын саны расмий маалыматтар боюнча 1 миллион кишини түзөт. Өлкөдөн кетишкендердин бардыгы өз алдыларына өздөрү жана өз үй-бүлөлөрү үчүн жашоо шарттарын жакшыртуу максаттарын коюшат. Кыргызстанда болсо алдыңкы илим-билимге жана технологияларга өктөм муктаждыктар бар, мына ушул мекендештерибиз ошондой илим-билимдердин жана технологиялардын алып жүрүүчүлөрү болуп саналат. Б.Молдобаеванын сөзү боюнча: «Биз бүгүн миграциянын Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү маселесине кошкон салымы тууралуу кеп кылып жатабыз. Өлкөнүн чегинен тышкары жүрүшкөн мигранттарды, жана кетүүнү пландаштырып жаткандарды биз адамдык капитал катары карайбыз, анан бул капиталды абдан туура башкара билүү зарыл. Диаспоралар менен түзүү зарыл болгон байланыштарды жолго коюу бул капиталды өлкөнүн ичинде кармап калууга жана аларды туура тескөөгө мүмкүнчүлүк түзөт. Бүгүнкү күндө «Роза Отунбаеванын Демилегелери» фонду биздин чет өлкөлөрдөгү диаспоралардын колундагы мына ошол байланыштыруучу учук болуп саналат. Бүгүн ар кандай себептерден улам биздин өлкөбүздөн тышкары жүрүшкөн биздин мигранттардын профилин карап көрүү аракети жүрдү, менин оюм боюнча изилдөөлөрдүн натыйжалары, жана бүгүн айтылуучу алар боюнча чыгарылган тыянактар жана сунуштамалар өлкөбүздүн чектеринен тышкары ийгиликтүү иштеп жүрүшкөн мигранттарыбыздын кайрылып келүүлөрү жана Кыргызстандын өнүгүшүнө өз салымдарын кошуулары үчүн эмне кылуу керек экенин түшүнүүгө жардам берет. Бул үчүн кандай шарттарды түзүү зарыл жана алардын мындай чечимди кабыл алууларына эмне тоскоолдук кылууда». Адам капиталы, финансылык жана тарамдык ресурстар, баалуу көндүмдөр жана илим-билимдер жаатында диаспораларда эбегейсиз зор мүмкүнчүлүктүр бар. Кыргыз диаспора мүчөлөрүнүн арасында өздөрүнүн адистешүү чөйрөлөрүндөгү жогорку квалификациялуу жана компетенттүү адистер бар. Алардын айрымдары өзөрүнүн атаандаштыкка жөндөмдүү илим-билимдерин башкаларга үйрөтүүгө даяр. Диаспоралардын бул мүчөлөрүн мамлекет үчүн да, ошондой эле диаспоралар үчүн дагы пайдалуу өнүгүүнүн натыйжалуу каналдарына моблизациялоо маселесин жөнгө коюу өз ара кызыкчылыкты жаратуучу жагдай болуп саналат. «Биз үчүн өкмөттүк эмес уюмдар жана башка тармактык агенттиктер менен күч-аракеттерибизди бириктирүүбүз зарыл, анткени биздин жарандарыбыз чет өлкөлөрдө ар түрдүү жакшы эмес кырдаалдарга кабылып калышууда. Биз бул маселелерди калкыбыз миграцияланган жерлердеги өкмөттүк деңгээлде көрөтүүбүз зарыл? Айрым аймактардан: Баткенден, Таластан, Нарындан. Финансылык каражаттарга катуу муктаж болгондор эле эмес, ошондой эле биздин өлкөбүздүн колунда бар, бардыгы жетиштүү жарандары дагы эмиграцияланууда. Анткени чет өлкөлөрдө алардын иштеши үчүн жагымдуу жагдайлардын баарысы түзүлгөн,андан кийин алар өз үй-бүлөлөрүн алып кетишүүдө. Чет өлкөлөрдө, ошондой эле слесарь, технолог, электрик, уста деген жана башка кесиптер абдан көп талап кылынган фактыны унутта калтырууга болбойт, жогоруда көрсөтүлгөн кесиптердин ээлери юристтер менен лингвисттерге караганда тезирээк жумушка орношушат. Биз баарыбыз юрист жана экономист болушубуз керек эмес. Биз чет өлкөлөргө чыгып кетип жаткан адамдарды чет өлкөлөрдө талап кылынган кесиптерге окутушубуз керек. Чет өлкөлөргө чыгып кетип жаткан жарандарыбыздын жумушка орношуулары үчүн биз чет өлкөлүк диаспоралар менен өз ара тыгыз аракетте болушубуз керек. «Роза Отунбаеванын Демилегелери» фонду жакшы иштерди жасоодо, мисалы, көптөгөн долбоорлордун бири «Жайлоодогу бала бакчалар», бул долбоор өлкөнүн алыскы аймактарынын калкы үчүн үлгү катары кызмат кылууда. Бүгүнкү күндө алардын көпчүлүгү өздөрүнүн айыл-кыштактарында балдар бакчаларын ачышууда. Биз миграция маселелерине өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Биздин жаштарыбыздын чет өлкөлөрдө зомбулук, талап-тоноочулук сыяктуу ар түрдүү көйгөйлүү кырдаалдарга кириптер болуп жатышкан жагдайларынын фактылары баарыга маалым. Бул көйгөйдү чечүү менен, биздин өлкөбүз кыйла тез темптер менен өнүгө баштайт деп айтсак болот. Биз булардын үстүнөн иштешибиз керек»,– деп белгиледи КР ЖК депутаты Орозова К.Б. Президенттин Аппаратынын финансылык-экономикалык талдоо жана өнүгүү мониторинги бөлүмүнүн эксперти Айнура Үмөтова белгилегендей: «Бүгүн биз өлкөгө колдоо көрсөтүү жаатында миграциялык процесстер менен кантип иштөөгө болорун көрдүк, биздин мекендештерибиздин социалдык, гуманитардык, эксперттик колдоолорунун мисалдарын көрдүк. Биз миграцияны башка тарабынан ачып көрсөтүүгө болорун көрдүк, жана биздин мекендештерибиздин өлкөбүзгө кандай жардамдарды бере алышарын көрсөтө алдык. Бул жумуштар жаңыдан гана башталды, жана биз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында түзүлгөн мекендештер менен байланыштар боюнча Кеңеш бул багыттардагы демилгелүү иштерди мындан ары карай дагы жүзөгө ашыра береринен үмүттөнөбүз». Бул изилдөөлөрдүн башкы максаты өлкөнүн социалдык, маданий жана экономикалык өнүгүшүнө катышуу үчүн кыргызстандыктардын чет өлкөлөрдөгү бирикмелеринин дараметтерин аныктоо болуп саналганын эсиңиздерге сала кетели. Изилдөөлөр 2015-жылдын майынан ноябрына чейин жүргүзүлдү, ага дүйнөнүн 32 өлкөсүндө жашап жүрүшкөн кыргызстандыктардын бирикмелеринин өкүлдөрүнүн ичинен биздин 500 ашуун респонденттер, мекендештерибиз катышышты.