logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

30-октябрда Баткен шаарында «Баткен - достуктун өрөөнү» фестивалы өттү

November 2, 2015, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Ага Хан Фондунун колдоосу менен жана Улуу Британиянын КРдагы Элчилигинин финансылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Суу жана жайыт ресурстарын натыйжалуу башкаруу үчүн инфраструктураны жакшыртуу жана тиешелүү жергиликтүү институттардын потенциалын арттыруу» долбоорунун алкагында «Баткен – достуктун өрөөнү» деген аталыштагы фестиваль өттү. Иш-чаранын негизги максаты – ар кандай этностордун жана улуттардын өкүлдөрү менен сабырдуу өз ара аракеттенүүнүн негиздери боюнча өсүп келаткан муундун билимин, иш билгилигин жана жөндөмдөрүн калыптандыруу, ошондой эле баарлашуу жөндөмдөрүн жана мульти маданий дөөлөттөрдү, инсандар ортосундагы мамилелерди түзүү боюнча жөндөмдөрдү өнүктүрүү. Иш-чаранын алкагында «Мени курчап турган дүйнө» деген аталышта асфальтта сүрөттөрдүн конкурсу өткөрүлдү. Ар кандай окуу жайлардын жана Баткен областында жашаган ар түрдүү элдердин өкүлдөрү ар кыл спорттук конкурстарга катышты, Кыргызстандын этносторунун бийлерин, тамак-ашын жана салттуу кийимдерин көрсөттү.   Апаз Жайнаков атындагы музыкалык драма театрында «Музыка – элдин жан дүйнөсү» концерти өттү. Анда Баткен областынын ар кыл элдеринин өкүлдөрү жана Бишкектен келген меймандар көрүүчүлөргө мыкты номерлерди көрсөттү.

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram