logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

«Менин атам Дэн Сяопин» китебинин бет ачары өттү

September 30, 2015, 06:00

"Кытай кереметинин" демилгечиси, реформатору, 1970-жылдардан 1990-жылдарга чейинки Кытай Эл Республикасынын өнүгүшү үчүн зор салым кошкон Дэн Сяопиндиндин кызы Маомаонун “Менин атам Дэн Сяопин” китебинин кыргызчасы “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык фондунун колдоосу менен жарык көрдү.   Китепти кыргыз тилине тарыхчы, адабиятчы, публицисттер Эсенбай Нурушев, Тынчтыкбек Чоротегин жана Абибилла Пазыловдор таржымалашкан.   Китептин мазмунун кызыктуу архивдик материалдар, Кытайдын жаңы тарыхынын көрүнүктүү ишмери Дэн Сяопиндин кызынын эскерүүлөрү түзөт. 1966-жылы Мао Цзэдундун демилгеси алдында башталган “маданий ыңкылап” жаралыш мезгилинен 70-жылдардын орто чениндеги ал демилгенин кыйрашына чейинки окуялар камтылган.   Бүгүн китептин бет ачар аземине Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы атайын ыйгарым укуктуу элчиси Ци Даюй, Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, дипломаттар, интеллигенциянын көрүнүктүү өкүлдөрү катышты.   2000 миң нускада чыккан китеп өлкөнүн бардык облустарындагы китепканаларга, жогорку окуу жайларга бекер таратылат. (AzK)

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram