Күзгү биринчи «ТазаБИШ» эко-акциясынан ФОТООТЧЕТ
September 27, 2015, 06:00Өткөн ишембиде, 26-сентябрда, Токтоналиев көчөсүнүн (мурдагы Душанбе көчөсү) жана Түштүк магистралдын кесилишинде К. Ата-Түрк атындагы сейил бактын түштүк бөлүгүндө төмөнкүдөй белгилүү эки датага арналган күзгү биринчи "ТазаБИШ" (таза Бишкек) акциясы болуп өттү: жыл сайын 21-сентябрдан тартып 27-сентябрга чейин өткөрүлүүчү «Планетаны таштандыдан тазалайбыз» эл аралык акциясына жана «FSC-жумага» – токойго карата жооптуу мамиленин ар жылдагы майрамына. Акциянын жүрүшүндө 300дөн ашык адамдан турган катышуучулар сейил бактын түштүк аймагын таштандыдан тазалады, ошондой эле көчөттөрдү отургузду. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын экс-президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун уюштуруучусу Отунбаева Роза Исаковна да катышты. Күзгү биринчи «ТазаБИШ» акциясын «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бишкек шаарынын Мэриясы менен бирдикте, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жана ENACTUS KG, AIESEC эл аралык жаштар уюмдарынын жана башкалардын жигердүү катышуусу менен уюштурду. Иш-чарада «Сезим» кризистик борборунун өкүлдөрүн көрүү кубанычтуу болду, алар курчап турган чөйрө үчүн балдарга жоопкерчилик сезимин каныктыруу үчүн алар менен бирге акцияга катышты. Акциянын катышуучуларынын арасында шаардыктар да аз болгон жок, алар социалдык тармактарда жана сайттарда жарыяны көрүп, туугандары жана достору менен бирге келген. Бишкек шаарынын Мэриясына, Мэриянын муниципалдык кызматтарына жана, албетте, бардык жигердүү катышуучуларга – акцияга катышкан жана шаарыбыздын тазалыгына конкреттүү салымын кошкон аң-сезимдүү шаардыктарга зор ыраазычылык билдиребиз. "ТазаБИШ" акциясы «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында уюштурулду.