Сун Цинлин Фонду тарабынан уюштурулган Кытайдагы 6-эл аралык жайкы лагерге балдардын барышы боюнча отчет
August 6, 2015, 06:0022-29-июлда Кыргызстандын бардык регионунан келген 10 баладан турган топ Сун Цинь Линь фонду тарабынан уюштурулган Кытайдагы 6-эл аралык жайкы лагерге барып келди. Бардык балдар – табигый-математика сабактары (тереңдетилген жана базалык физика, химия, биология) жана англис тили боюнча 2015-жылдын республикалык олимпиадасынын жеңүүчүлөрү, ошондой эле республикалык жана эл аралык спорт мелдештеринин жана чыгармачылык конкурстардын жеңүүчүлөрү. Алар акысыз барып келишти. Катышуучулардын тизмеси: 1. Айдай Самакова, Кара-Балта ш., англис тили 2. Нурбек Байзаков, Баткен, тереңдетилген физика 3. Аязбек Бекманбетов, Бишкек ш., КТРнын “Президент сүйлөйт” теледолбоорунун жеңүүчүсү 4. Жанболот Бакыт уулу, Бишкек ш., юниорлордун арасында ушу боюнча Азия чемпионатынын жеңүүчүсү 5. Мария Наумова, Бишкек ш., Бишкек хореографиялык окуу жайы 6. Жасмин Бактыбек кызы, Бишкек ш., Республикалык окуп берүүчүлөр конкурсунун жеңүүчүсү 7. Колдошбек Ташиев, Ош ш., физика 8. Нурак Сагынбеков, Талас ш., биология 9. Айдана Талантбек кызы, Ысык-Көл облусу, эл аралык сүрөттөр конкурсу 10. Каныкей Кыдыралиева, Жалал-Абад ш. , химия 11. Асель Жакыпбекова, “Балалык мектеби” программасынын координатору, “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФсы Маалымат: Сун Цинлин – кытай саясий ишмери жана кытай революциясынын лидери Сун Ятсендин жубайы (https://ru.wikipedia.org) Лагерь алтынчы жолу өткөрүлүүдө, бирок Кыргызстандын балдары мурдагы президент Р.И. Отунбаеванын Кытайга болгон сапарынан кийин лагерге барууга биринчи жолу мүмкүнчүлүк алышты. 2015-жылдагы лагерге дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн: Кытайдан, Түштүк Кореядан, Япониядан, АКШдан, Австралиядан, Жаңы Зеландиядан, Чехиядан, Венгриядан, Грециядан, Франциядан, Пакистандан, Индиядан, Шри-Ланкадан, Малайзиядан, Египеттен, Палестинадан, Кыргызстандан, Өзбекстандан, Зимбабведен жана башка өлкөлөрдөн келген балдар катышты. Ар бир делегацияда 3төн 20га чейин бала болду. Жайкы лагердин максаты: дүйнөнүн ар кандай өлкөлөрүнөн келген балдарга кытай маданиятын, тарыхын, үрп-адаттарын көрсөтүү; түрдүү өлкөлөрдөн келген балдарга бири-бири менен достошууга, жаңы курбуларын табып, өздөрүнүн маданияты менен тааныштырууга мүмкүнчүлүк берүү. Лагердин девизи: “Кытайда. Дос болуу” (In China. Be friends) Жайкы лагердин программасы эки маршрут боюнча түзүлгөн: 1) Пекин – Нантонг - Шанхай 2) Пекин - Ички Монголия Ошентип, Пекинде алгачкы эки күндөн кийин катышуучулар өздөрүнүн каалоосу боюнча эки топко бөлүнүштү, алардын ар бири өзүнчө маршрут боюнча кетишти. Кыргызстан Пекин-Нантонг-Шанхай маршрутун тандап алды. Алгачкы үч күн Пекин шаарынын чет жакасындагы отелде өттү. Биринчи күнү, 22 июлда, ачылышта ар бир өлкө өз өлкөсүнүн презентациясын көрсөттү. Кыргызстан кыргыз салттуу музыкалык аспаптардын – чопо-чоордун, комуздун, ооз комуздун презентациясын, Кыргызстанда балдар жакшы көргөн спорттун бир түрү катары кытай гимнастика ушусун жана кыргыз кийимдерин көрсөттү. Экинчи күнү балдар Кытайдын тарыхы менен таанышып чыгышты. Каллиграфия боюнча мастер-класстарга, салттуу кытай маскаларына сүрөт тартууга, бийге, кытай пельменин жасоого, кытай музыкасына, падышанын сарайындагы кызматкерлердин салттуу тарыхый кийимдерин жасоого катышты. Үчүнчү күнү балдар Улуу Кытай сепилиндеги заставалардын бирине барышты. Сепил тоо аймагында жайгашкан жана анда өтө бийик тепкичтер бар, ошондуктан заставанын бардык алты постун дене бой жагынан даярдалган балдар гана, анын ичинде Кыргызстандан барган балдар да өтө алышты. Андан ары программа боюнча биз Кытайдын акробатикалык шоусуна бардык. Кытай артисттеринин номерлеринин деңгээли бардык көрүүчүлөрдө абдан суктанууну жаратты. Кечкисин Кыргызстандын делегациясы башка өлкөлөрдөн келген балдар менен бирге Пекинден Нантонго/Нантуньга, Цзяньсу провинциясынын шаардык округуна кетишти (https://ru.wikipedia.org/wiki/%D0%A6%D0%B7%D1%8F%D0%BD%D1%81%D1%83). Ал жакка поезд менен 15 саатта барышты. Темир жолдун боюндагы Цзяньсу провинциясы күрүч жана башка өсүмдүктөр айдалган талаалары бар айыл жергеси. Үйлөр негизинен бир же эки кабаттуу. Айрым айылдарда кичинекей айыл үйлөрүн бузуп салышып, бүтүндөй бийик үйлөр кварталдары курулууда. Жердин ар бир метри жашылдандырылып, ар бир участокто, темир жол полотносунда – жер участоктору бар экендиги таң калтырат. Негизи эле биз көргөн Кытайдын бардык шаарлары жана айылдары, мындайча айтканда, жашыл чөп-чарга баткандыгын өзгөчө белгилеп кетсе болот. Жердин ар бир алакандай бөлүгүндө, ар бир метринде бак-дарактар, гүлдөр, талаалар орун алган. Нантонгодо бизди Чжинь Дао экологиялык паркына жайгаштырышты. Паркты жеке адам ижарага алып, бирок ал мамлекетке таандык экен. Кытайдын мыйзамы боюнча бүт жер мамлекетке таандык. Экологиялык парк Цзяньсу провинциясынын сыймыгы болуп саналат жана ал спорттук жана аскердик-спорттук машыгуулар үчүн аянтчалар жана мейманкана корпустары бар чоң парк. Балдар түштөн кийин спорттук машыгуулар – канат менен өтүү, түрдүү тоскоолдуктардан өтүү менен алек болушту. Кытайда жай мезгилинде мектеп окуучулары үчүн көп сандаган түрдүү лагерлер: спорттук, аскердик (бардык балдар униформа кийишет), экологиялык, туристтик лагерлер өткөрүлүп тураарын белгилеп кетүү зарыл. Ички мектеп туризми өнүккөн. Экологиялык паркта, Кытай сепилинде, Шанхай телемунарасында балдардын топтору абдан эле көп болду. Телекөрсөтүүдөн балдар үчүн ботаникалык бакчаларга экскурсиялар, жаштар үчүн этнографиялык экспедициялар ж.б. көрсөтүлүп турат. 27-июль күнү спорт оюндарына жана түрдүү топтук тапшырмаларга арналды. Кечкисин “Талант-шоу” болду, анда делегациялар бийлешип, ырдашып, музыкалык композицияларды аткарышты. Кыргызстандын атынан Кара-жорго бийи көрсөтүлүп, Мария Наумованын жеке аткаруусунда номер коюлду. Чехиянын жана Шри-Ланканын делегациясы абдан сонун бийлерди көрсөтүштү. “Талант-шоу” аяктагандан кийин бардык балдар чехтердин бийин үйрөнүүгө кетишти. Лагердин акыркы күнү Кытайдын эң чоң шаары, анын экономикалык борбору Шанхайда өттү (https://ru.wikipedia.org). Нантонгодон Шанхайга сапар тарткан мезгилде бизге Шанхайдын тарыхы, апийим согуштарынын тарыхынан, Нанкин келишиминен, шаардын европа кварталдарынын ж.б. алынган айрым учурлар жөнүндө кең-кесири айтып беришти. Шанхайда автомобилдерди жөнгө салуу жөнүндө маалымат абдан кызыктуу болду. Калктын саны абдан көп болгондуктан бийлик шаарда машиналардын санына чек коюуга аргасыз. Шанхайда бардык номерлер эки категорияга бөлүнөт – биринчиси шаардын төмөнкү чегинде гана жүрө алат жана экинчиси бардык жерде жүрсө болот. Экинчи категориядагы авто ээлери тоскоолдуксуз жүрүү укугу үчүн абдан чоң сумманы төлөшү керек. Шанхайда катышуучулар байыркы кол өнөрчүлүк кварталдарынын бирине, бийиктиги 468 метр болгон (бийиктиги боюнча дүйнөдөгү бешинчи телемунара) белгилүү “Чыгыш жемчужинасы” телемунарасына барышты. Шанхайда бир нече бийик имараттар жайгашкандыгын белгилеп кетүү керек, алар Азиядагы жана дүйнөдөгү эң бийик имараттардын катарына кирет, атап кетсек Цзинь Мао мунарасынын имараты – шпили менен 421 м, Шанхай мунарасы – шпили менен 634 м, Шанхай бүткүл дүйнөлүк борборунун имараты – 492 м, аны шанхайлыктар өздөрү “открывашка” деп аташат. Кечкисин бардык катышуучулар дарыя катеринин бортунан кечки шаарды көрө алышты. Балдардын айтуусу боюнча бардык баруулар, спорт оюндары жана курбулары менен баарлашуу алардын эсинен чыкпайт. Шаарлардын ичинен балдардын дээрлик баарына Шанхай жакты, балким ал жерде экскурсия көп болгондуктанбы. Дээрлик бардык балдар кытайлыктардын эмгекчил экендигин айтышты. Балдар бири-бирин сапардын жүрүшүндө биринчи жолу көргөндүктөрүнө карабастан, бизде абдан ынтымактуу команда болду. Баткенден келген катышуучу (түрк лицейи), физиканы тереңдетип окуу боюнча олимпиаданын жеңүүчүсү жана Мумбайда физика боюнча эл аралык олимпиаданын катышуучусу Нурбек Байзаковдун “Сиз Кытай тууралуу эмне билдиңиз?” деген суроого берген жообун айтып кетсе болот: “Кытай экспоненциалдуу өнүгүп жаткандыгын кытайлыктар эмгекчил жана ынтымактуу болушунун фактысы ырастады”. Кыргызстандын Кытайдагы Элчиси Бактыгулова Канайым Жумадыловнага сапар мезгилинде жана анын бардык этаптарында кам көрүп, жардам бергендиги, Пекиндин аэропортунда балдарды тосуп алгандыгы үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Үрүмчүдөгү консулдугунун кызматкерлерине делегацияны тосуп алып жана узаткандыгына чоң ыраазычылык билдиребиз.