2015-жылдын 20-июлунда Сары-Күңгөй жайлоосундагы балдар бакчасына сапар болуп өттү
July 21, 2015, 06:002015-жылдын 20-июлунда Сары-Күңгөй жайлоосундагы (Чүй облусунун Кичи-Кемин району) балдар бакчасына сапар болуп өттү. Сапарга “Финансовая Группа Компаньон” ЭФК ЖАКтын, мобилдүү планетарийдин өкүлдөрү, Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ), И. Раззаков атындагы КМТУнун студенттери жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФсынын кызматкерлери катышты. БААУнун жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФсынын волонтеру Сидни Балабан балдарды англис алфавити менен тааныштырды, аларга Нью-Йорк шаары, ал жерде балдар кантип тазалыкты сакташып жана экологияны коргой тургандыгы жөнүндө айтып берди. Ошондой эле И. Раззаков атындагы КМТУнун (“Дизайн” факультетинин) студенттери кийиз басуу жана батик техникасында жибекке сүрөт тартуу боюнча мастер-класстарды балдарга көрсөтүштү. “Финансовая Группа Компаньон” ЭФК ЖАКтын агрономия боюнча адиси Касымов Аварбек Касымович туура, таза тамактануу жана спорт менен машыгуунун пайдасы жөнүндө айтып берди. Ачык жана кызыктуу “Мобилдүү планетарий” күн системасынын түзүлүшү боюнча мастер-классты, планеталардын өзгөчөлүгүн жана айырмаларын, адам баласы жаралганга чейин Жер планетасындагы жашоо-турмуш жөнүндө маалыматтык мультфильмди көрсөттү. “Финансовая Группа Компаньон” ЭФК ЖАК жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФсы балдар бакчасына кепкаларды, балдар бакчасынын китепканасына китептерди беришти жана балдар үчүн түрдүү мастер-класстарды өткөрүштү.