Бишкекте балдар үчүн Зоологиялык музейде эко-жолугушуулар өтөт
June 22, 2015, 06:0015-июндан тартып Улуттук илимдер академиясынын Биологиялык-кыртыш институтунун зоологиялык музейинде «Зоологиялык музейдеги эко-жолугушуу» деген акция башталды, ага эмитен эле №№ 48, 70,74, 58, 16, 32, 18, 91, 50 жана 55 мектептердин алдындагы мектеп лагерлеринен 300дөн ашык бала катышты. Бул жөнүндө «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду билдирет. Иш-чаралар Кристенсен Фонду колдогон «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» долбоорунун алкагында өтүп жатат. Жолугушуунун алкагында балдар УИАнын Биология институтунун кызматкерлеринен кызыктуу экскурсияларды угат. Ошондой эле балдарга курчап турган чөйрөгө аяр мамиле кылуу темасына видеороликтер көрсөтүлөт жана экология боюнча викторина өткөрүлөт, ал жерде балдар туура жооптору үчүн кызыктуу китеп түрүндө байге алат. Бул иш-чараны уюштуруучулар болуп УИАнын Биологиялык-кыртыш институту менен кызматташтыкта «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду жана мэриянын билим берүү башкармалыгы саналат. Эко-жолугушуулар 26-июнда 10.00дөн 13.00гө чейин өтөт. Кийинки жумада акцияларга №№ 49, 88, 46, 51, 40, 79, 83, 78, 7 жана 27 мектептердин алдындагы мектеп лагерлеринен балдар катышат деп пландаштырылууда.