logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

«ТазаБИШ» төртүнчү эко-акциясынын жыйынтыктары

June 2, 2015, 06:00

Өткөн ишембиде, 30-майда, курчап турган чөйрөнү коргоонун Дүйнөлүк Күнүнө (5-июнь) арналган "ТазаБИШ" (таза Бишкек) төртүнчү акциясы, ошондой эле апрелде өткөрүлүүчү «Сейил бактарынын маршы» акциясы өттү.   Акциянын жүрүшүндө 73 катышуучу «Кара жыгач багы» сейил багынын аймагынан 5 тоннага жакын таштандыларды чогултту.   Чогултулган таштандынын арасында ар түрдүү калдыктар, анын ичинде тигүү ишканаларынын өз калдыктарын таштанды идиштерине «жеткире албай» калган калдыктары болду.   "ТазаБИШ" акциясын «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бишкек шаарынын мэриясы менен бирдикте, өнөктөрдүн, Бишкек шаарынын ЖОЖдорунун жана ENACTUS KG, AIESEC, BIO.kg , MediaLAB Production сыяктуу жана башка уюмдардын жигердүү катышуусу менен уюштурду. • К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети – 32 адам; • ENACTUS KG командасы ар кандай университеттерден (КМТУ - 7, КМЮА - 6, КРСУ - 3, Арабаев атындагы КМУ. - 1, КУУ - 1); • "AIESEC" эл аралык студенттик уюму - 8; • "BIO.kg" органикалык кыймыл Федерациясы - 6; • Продакшн-студия "MediaLAB Production" - 2; • «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду – 7.   Бардык жигердүү катышуучуларга – шаарыбыздын тазалыгына конкреттүү салымын кошкон аң-сезимдүү шаардыктарга зор ыраазычылык билдиребиз.   "ТазаБИШ" акциясы «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында уюштурулду.

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram