Бишкекте «Эко-чыйыр жол» иш-чарасы өттү
June 4, 2015, 06:00Бүгүн, 4-июнда, Эмен сейил багында Бишкек шаарынын мектеп лагерлеринин жетекчилери «Экологиялык-жер таануу чыйыр жолу» экскурсиясына катышты. Коомдоштуктарды туруктуу өнүктүрүүнүн «Ырыстан» коомдук фондунун директору Дмитрий Ветошкин жана «Алейне» Кыргызстан экологиялык кыймылынын өкүлү Айгуль Жусупбаева өткөргөн эко-чыйыр жол шаарыбыздын бактары жана канаттуулары боюнча өзүнчө түрдөгү экскурс болуп калды. Мектеп жанындагы лагерлердин 20дан ашык жетекчилери: «Өсүмдүктөр шаардын микроклиматын кантип калыптандырат?», «Бишкекте кандай өсүмдүктөрдү отургузуу зарыл?», «Эмне үчүн шаарда чымчыктар азайып калды?», «Майна деген эмне?», «Шаарда алгыр куштар жашайбы?» деген ар кандай суроолорго жооп алды, Фрунзе шаарын массалык жашылдандыруунун тарыхы жөнүндө билди жана жайкы лагерлер үчүн колдонулушу мүмкүн болгон башка көптөгөн пайдалуу маалыматтарды алды. Мектеп лагеринин күндөрүнүн бири экологияга арналат, анда балдар жаратылышка аяр мамиле жана шаарыбыздын тазалыгы боюнча видео-роликтерди көрө алат. Эко-чыйыр жолду «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын Мэриясынын билим берүү башкармалыгы менен бирдикте уюштурду.