logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

Баткен облусунда «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» кербени старт алды

May 31, 2015, 06:00

30-майда Баткен облусунда «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» кербени старт алды.   Кербендин максаты – кенже курактан тартып китепке болгон сүйүүнү каныктыруу, ошондой эле маданий дөөлөттөрдү жана салттарды сактоо жана урматтоо максатында үй-бүлөдө китеп окуу маданиятын өнүктүрүү аркылуу балдар жана чоң кишилер арасында китеп окууну даңазалоо.   «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» кербени Кызыл-Кыя шаарында, Караван айылында болду, ал жерде Кызыл-Кыя шаарынын мэри Хулмурзаев Абиш Алыбекович жылдыз болду.   Кербен андан ары Баткен районунун Кыштут айылына, андан соң Сүлүктү шаарына багыт алды, ал жерде жолугушуу учурунда «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Кендирбаева Догдургуль Шаршеевна балдарга үн чыгарып китеп окуп берди.   Эртең, 1-июнда, биздин Кербен Ак-Суу айылына жөнөйт, ал жерде №4 китепкананын имаратында балдар жана алардын ата-энелери КР Вице-премьер-министри Ниязалиева Дамира Абаскановна менен жолугуша алат.

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram