Фото: III Билим берүү фестивалынын биринчи күнү.
April 24, 2015, 06:00Борбор шаарда ар жылдагы үчүнчү Билим берүү фестивалынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү, ал масштабдуу «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен» эко-долбоорунун компоненттеринин бири болуп саналат. Балдарда, жаштарда жана Бишкек шаарынын тургундарында жарандык жоопкерчиликти жана экологиялык маданияттын деңгээлин жогорулатуу, тазалыкты сактоо жана сергек жашоо ыңгайы үчүн жагымдуу айлана-чөйрөнү түзүү эко-долбоордун негизги максаты болуп эсептелет. Балдар жана жаштар арасында экологиялык аң-сезимди жана жоопкерчиликти жогорулатууга багытталган фестивалдын ачылышы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде өттү. Экс-президент Роза Отунбаева иш-чаранын маанилүүлүгү жөнүндө айтты жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу, сырттан карап турган байкоочу болбостон, процесстерге катышуу чакырыгы менен жаштарга кайрылды. Борбор шаардын мэри Кубанычбек Кулматов фестивалдын демилгечилерине, ошондой эле фестивалга катышкандардын бардыгына ыраазычылык билдирди. «Шаар силерге, жаштарга, кызыктуу экенин көрүү өтө жагымдуу. Мэрия шаардык демилгелерди колдоого дайым даяр. Биз бардыгыбыз кооз, таза жана ыңгайлуу шаарда жашагыбыз келет. Мен баарыңарды активдүү болууга, ушул шаардын чыныгы ээлери болуп калууга чакырам», – деп айтты саламдашуу сөзүндө шаар башчысы. Салтанаттуу ачылыштан ийин фестивалдын катышуучуларын университеттин лабораториялары боюнча кызыктуу экскурсия, ошондой эле көргөзмө-ярмарка жана эко-базар күтүп турду. Мындан тышкары, долбоордун алкагында КУАУнун жыйын залында «Шаардык жашыл маектешүү» болуп өттү. Форумдун катышуучулары пикирлерин бөлүштү, ийгиликтүү эко-долбоорлорду көрсөттү, экинчи жолку чийки затты чогултуу жана кайра иштетүү ыкмаларын талкуулады.