«Төрт жылдан кийин бул жерде бакчалуу шаар болот!», – деп классиктен цитата келтирди салтанаттуу линейкада № 72 мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы
April 6, 2015, 06:00Ишембиде, «Жашыл Бишкек – мектеп жанындагы участокторду жашылдандыруу» акциясынын алкагында Бишкек шаарынын № 72 орто мектебинде бактар отургузулду. Мектептин жанындагы аймак өтө чоң, таза, бирок бак-шак аз. Акциянын алкагында эң ар түрдүү бактардын 237 көчөтү белекке берилди. Бактар күн мурунтан казып коюлган чуңкурларга отургузулду. Бак отургузууга 6, 8, 9-класстардын окуучулары катышты. Салтанаттуу линейкада «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун өкүлү Р.Ж. Кайыкова, № 72 мектепин директору, Свердлов РЦО өкүлү жашылдардыруу долбоору жөнүндө маалымат менен сөз сүйлөдү. № 72 мектепте өткөрүлгөн бул күн жөнүндө «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун кызматкери Асель Джакыпбекова өз пикирлери менен бөлүшөт: «Төрт жылдан кийин бул жерде бакчалуу шаар болот!», – деп классиктен цитата келтирди салтанаттуу линейкада № 72 мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы. Адегенде чуңкурлар казылган талаа бар эле. Биринчилерден болуп алтынчы класстын окуучулары ишке киришти. Улуулары чуңкурларга көз жүгүртүп, көчөттөрдү тандап, ким чуңкур казарын, кимиси көчөттү кармап берээрин чечип жатышты. Улуулар ойлонуп турганча, кенже балдар 2-3 көчөттү отургузуп жиберди. Жогорку класстагылар ишке киришти. Адегенде ойлонуп, шашылган жок. Кичүүлөр алда канча улуу жолдошторуна аралашып жана кошулуп: суу алып келүүгө, бакты кармап берүүгө, жер казууга өз жардамын сунуш кылды. Жарым сааттан кийин бардыгы кызыгуу менен катуу иштеп баштады. Чуңкурларды тереңдетишти жана кеңейтишти, катар тизилип алып сууну бири-бирине берип жатышты, айрым бир участокто «кенч» таап алышты – ал темирдин чоң сыныгы эле. Улуу бала кичүүсүн кумурсканын уясын басып алба деп эскертти. «Кумурскалар пайдалуу. Карачы, кумурсканын уясы шаарга, Бишкек шаарына окшош. Бул жерде миллионго жакын кумурска бар», – деди улуусу. «Оо! Чын эле, шаарга окшош экен! Бул Бишкек эмес, бул Токио», – деп күлдү кичүүсү. Алтынчы класстын шамдагай балдары өзүнүн класс жетекчиси менен бирдикте бак отургузууну баарынан мурда бүттү да, гүлдөрдү отургузууга өттү. Бош аянт бак отургузулган участокко айланды.