Ура! «ТазаБИШ» старт алды!
April 4, 2015, 06:00Бүгүн, 4-апрелде, «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын мэриясы менен бирдикте «ТазаБИШ» биринчи эко-акциясы старт алды. Эко-акцияга мамлекеттик, коомдук, жаштар жана студенттер уюмдары, анын ичинде төмөнкүлөр катышты: К.И. Скрябин атындагы КУАУ, БФЭА, Ж. Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык институту, И Арабаев атындагы КМУнун Колледжи, "Табият " экологиялык кыймылы, Октябрь районунун МТУ, Эко-Jorgo таксиси, "Санат" коомдук уюму, "Көчмөн" коомдук фонду, Эко-клубдар: Ж. Баласагын атындагы КУУ, Х. Карасаев атындагы БГУ, «Манас» КТУ, И Арабаев атындагы КМУ, алар КИТ ЦНО жана ПКнын экология окутуучусу Чинара Султанбек кызынын жана Анастасия Готовцеванын («Баланын жылмаюусу Дүйнөгө жарык чачат» ММД волонтеру) жетекчилиги астында ЖОЖдор аралык эко-клубга бириккен. "Агропромхолдинг" ЖЧК, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, Ишембиликтер Жаштар сейил багында жана Д. Асанов атындагы сейил бакта (Түштүк магистраль) өттү. Бүтүндөй алганда, "ТазаБИШ" акциясына 500гө жакын адам катышты. Тазалоонун жүрүшүндө таштандылар өз-өзүнчө чогултулду: жалбырактар менен куураган чырпыктарды "Зеленстрой" муниципалдык ишканасы ташып чыгарды, целофан пакеттер жана пластик бөтөлкөлөр "Агропромхолдинг" ЖЧКга кайра иштетүүгө берилди. Бул акциянын максаты өз борбор шаарынын урматында жаштар арасында жигердүү шаардыктын жана экологиялык акциялар менен иш-чаралардын катышуучусунун позицияларын калыптандыруу болуп саналат. "ТазаБИШ" акциясы "Зеленстрой" муниципалдык ишканасынын жана Бишкек шаарынын Мэриясынын алдындагы Бизнес-жамааттын коомдук координациялык кеңешинин техникалык колдоосу менен өттү. Пост- релиз «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарбынан даярдалды.