Бишкектин мектептеринде көчөттөр отургузулду
April 3, 2015, 06:00Бүгүн Бишкекте «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында көчөттөр отургузулду. Бул акция Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен бирдикте «Жашылдандыруу фондунун» колдоосу аркылуу уюштурулду, ал 2012-жылы «Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк» (KICB) ЖАКнын демилгеси боюнча Ага Хана Фондунун Бишкек шаарынын Мэриясынын колдоосу менен түзүлгөн. Көчөттөрдү отургузуу Кара-Жыгач турак жай конушунда жайгашкан № 91 мектептен башталды. Ага «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун, «Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк» (KICB) ЖАКнын, Ага Хан Өнүктүрүү тармагынын, «Кумтор Голд Компанинин», Ботаникалык бакчанын жана Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү катышты. Салтанаттуу иш-чарада кенже класстардын окуучулары экология жана бизди курчап турган жаратылыш жөнүндө ырларды окуп берди. «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Кендирбаева Догдуркул Шаршеевна, KICB банкынын башкармалыгынын төрагасы Кванг Янг Чой, Ага-Хандын Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Шамш Кассим Лакха, ошондой эле Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү жана № 91 орто мектептин директору Чекирова Азаткан Бакировна учурашуу менен сөз сүйлөдү. Туура отургузууну уюштуруу үчүн эко-эксперттер Э.Д. Шукуров жана И.Домашов чакырылды, алар өзүнө бактардын, бадалдардын түрлөрүнүн жана формаларынын ар түрдүүлүгүн камтыган туруктуу өсүп турган системаны өнүктүрүү үчүн ар бир мектеп боюнча сунуштарды берди. Ошондой эле акцияны уюштурууга жана өткөрүүгө Ботаникалык бакча, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык университет (КУАУ) жана "Зеленстрой" муниципалдык ишканасы көмөк көрсөттү. - ««Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында көчөттөр отургузулганына мен өтө кубанычтамын. Бул көчөттөр өсүп чыгат жана мектептин айланасынын көркүн чыгарат деп үмүттөнөм. Бардык көчөттөр экология боюнча эксперттер Эмил Шукуровдун жана Илья Домашовдун сунуштарын эске алуу менен тандалганын белгилеп кетким келет», - деп айтты Догдуркул Кендирбаева өз сөзүнүн аягында, бардык өнөктөргө жана акциянын катышуучуларына ыраазычылык билдирип. - Курчап турган чөйрөнү коргоо биздин банктын корпоративдик философиясынын ажыралгыс бөлүгү болуп саналат, - деп белгиледи «Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк» (KICB) ЖАКнын башкармалыгынын төрагасы Кванг Янг Чой өз сөзүндө. Бүгүн №91, №78 жана №83 мектептерде көчөттөр отургузулду. Эртең, 4-апрелде, №72, №51 жана №2 мектептерде көчөттөр отургузулат. Эске сала кетсек, бул иш-чаранын максаты мектептердин аймагында жагымдуу микроклиматты түзүү болуп саналат, анткени мектептин жанын жашылдандыруу ар кандай мектептин жанындагы участокту көрктөндүрүүнүн милдеттүү курамдарынын бири болуп эсептелет.