Бишкек шаарынын мектеп директорлору үчүн эко-долбоордун жана үчүнчү Билим берүү фестивалынын презентациясы
March 30, 2015, 06:00Бишкек шаарынын Мэриясынын билим берүү башкармалыгы уюштурган Бишкек шаарынын мектеп директорлорунун кеңешмесинин алкагында 2015-жылдын 27-мартында № 73 гимназия мектепте үчүнчү 2015 – Билим берүү фестивалынын презентациясы өттү. Быйылкы жылы Фестиваль «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат, ал шаарда сергек жашоо ыңгайы жана туруктуу өнүктүрүү үчүн жагымдуу айлана-чөйрөнү түзүү максатында четте туруп алып байкоо жүргүзүүчүнүн позициясынан экологиялык акциялардын жана иш-чаралардын жигердүү катышуучусунун позициясына өтүү аркылуу балдар менен жаштарда, ошондой эле Бишкек шаарынын тургундарында жарандык жоопкерчиликти жана экологиялык маданият деңгээлин жогорулатуу максатын көздөйт. Кеңешмеге Фонддун өнөгү – «Агроөнөр жай холдинг» ЖЧК чакырылды, анын өкүлү пластмасса бөтөлкөлөрдү, полиэтилен пакеттерди, макулатураны жана турмуш-тиричиликтин башка катуу калдыктарын чогултуу жана кайра иштетүү боюнча уюмдун иши жөнүндө айтып берди жана калдыктарды кирешеге айландыруу боюнча иште мектептерди Холдинг менен кызматташууга чакырды. Презентациялар мектеп директорлорунун зор кызыгуусун пайда кылды, алар долбоорго, анын ичинде макулатураны чогултууга катышууга жана ошонун өзү менен өз окуучуларында экологиялык билимди жана маданиятты тарбиялоого өз салымын кошууга ниетин билдирди. Директорлор менен жолугушуу учурунда макулатураны кабыл алып жана бишкектик бир нече мектептер менен кызматташып жаткан «Айлана+» ЖЧКнын байланышуу маалыматтары берилди. Бардык кызыккандар үчүн «Айлана+» ЖЧКнын байланышуу маалыматтары: Бишкек ш., Жантөшев көчөсү, 20/1 Тел.: +996 (312) 89-36-94 E-mail: aylanaplus@mail.ru