Азербайжан музыкалык маданиятына арналган «Музыка – элдин дили» концерт-лекциясы толук аншлаг менен өттү
March 18, 2015, 06:002015-жылдын 17-мартында Кыргыз Улуттук консерваториясынын чоң залында «Музыка – элдин дили» долбоорунун алкагында азербайжан музыкалык маданиятына арналган концерт-лекция өттү. Концертти «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду бул долбоорго көмөк көрсөткөн ЮНЕСКОнун финансылык колдоосу аркасында Азербайжан Республикасынын Элчилиги менен бирдикте уюштурду. Аншлаг менен өткөн концертте: Ноорузду майрамдоонун музыкалык салты, бийлер, музыкалык кайрыктар, азыркы, ошондой эле мурдагы ырлар сунуш кылынды. «Манас» эпосунан азербайжан тилиндеги үзүндүлөр жана азербайжан опералык көркөм өнөрүнүн негиздөөчүсү Узеир Гаджибековдун бүткүл дүйнөгө белгилүү «Аршин мал алан» опереттасынан кыргыз тилиндеги үзүндү жаңырды. Концерт Бишкектин тургундарына азербайжан музыкалык маданиятынын ЮНЕСКОнун Материалдык эмес мурасынын тизмесине кирген бир нече эстеликтери – мугам көркөм өнөрү менен дароо таанышууга жана жасоо процесси да бул тизмеге киргизилген таранын добушун угууга мүмкүндүк берди. Азербайжан эл артисти, соңку ондогон жылдарда мугамды мыкты аткаруучулардын бири Мелекханум Эюбованын ырдап чыгышы программаны көркүнө чыгарды. Теледен көрсөтүү датасы кошумча билдирилет. Татар музыкалык маданиятына арналган кийинки концерт 2015-жылдын 25-апрель өтөт. Биздин жаңылыктарга көз салып тургула.