79 мектепте төртүнчү «Билим кербени» иш-чарасы өттү
March 16, 2015, 06:0014-мартта № 79 орто мектепте (“Арча-Бешик” турак жай конушу) төртүнчү «Билим кербени: табигый илимдердин көчмө өнөрканасы» иш-чарасы өттү, аны «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун жана «Таалим-Форум» коомдук фондунун өкүлдөрү өткөрдү. «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун өкүлдөрү Фонддун «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорун мектеп окуучуларына презентациялады, ошондой эле таанып-билүү видео-роликтерин көрсөттү. «Таалим-Форум» коомдук фондунун өкүлдөрү 10- жана 11-класстардын окуучуларына Бишкек шаарынын экологиялык көйгөйлөрү жөнүндө презентацияны сунуш кылды. Ошондой эле мектеп окуучуларына «Жагымдуу шаар» документалдык фильми көрсөтүлдү жана викторина өткөрүлдү. №79 орто мектептин китепканасында «Таалим-Форум» коомдук фонду тарабынан чыгарылган китептер: «Кыргызстандын жандуу жаратылышы» популярдуу энциклопедиясы, ошондой эле өздөрүнүн кичүү бир туугандары үчүн таанып-билүүчү китептер жана боелуучу китептер белекке берилди. Окуучулар иш-чарага жигердүү катышты жана бизге өз пикирлерин бөлүштү. №79 орто мектептин 11 "а" классынын окуучусу (“Арча-Бешик” турак жай конушу) Данияр Кожонов: - Бүгүнкү күндө эң глобалдуу маселе – бул экология көйгөйү. Эгерде биз демейки мисалдардан келтире турган болсок, мисалы: «Биз көчөгө чыкканда көп таштандыларды көрөбүз. Совет мезгилинде Фрунзе шаары жашыл шаарлардын бири эле. Азыр биз Бишкек шаарын жашыл деп айта албайбыз. Анткени бактар кыйылып, жаңы имараттар курулуп жатат, машиналар көбөйдү – бул иштелип чыккан газдардын көбөйүшүнө алып келүүдө. Бул газдар атмосферага барат да, жаан жааганда аны булгайт жана жердин күрдүүлүгүн бузат. Ошондуктан экологияны сактоо үчүн биз бардык чараларды көрүүгө тийишпиз. Бул үчүн биз өзүбүздөн баштаганыбыз дурус. Үйдө балдардын ата-энелери жаратылышты сактоо үчүн тарбия берүүгө тийиш жана биздин мугалимдер да окутуп жаткан балдарга салым кошууга тийиш». №79 орто мектептин 10 "а" классынын окуучусу (“Арча-Бешик” турак жай конушу) Айдана Турдалиева: - Бүгүнкү иш-чара экология темасында өтүп жатат. Бул бизди өтө кубандырат деп айтууга болот. Анткени курчап турган чөйрөнү коргоо – бул ар бирибиздин милдетибиз. Мен бул сабактан өзүм үчүн көп пайдалуу нерселерди алдым. Мисалы, таштандыларды көп таштоого болбойт. Кыргыз эли дагы акыл-эстүү болууга жана башкалар үчүн үлгү болууга тийиш. Бүгүнкү күндө экология маселеси өтө татаал кырдаалда турат. Көчөдө жаткан таштандыны алып коюу жана таштанды салынуучу челекке салуу – бул ар бирибиздин милдетибиз. «Билим кербени: табигый илимдердин көчмө өнөрканасы» долбоорунун алкагындагы өз иш-чараларынын аягында «Таалим-Форум» коомдук фондунун директору Алмагүл Омонова бизге өз пикирлерин бөлүштү: - «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду менен кызматташуу бизге балдар менен иштөө үчүн дагы бир ачык аянтча жана экология жана курчап турган чөйрө маселелерин көтөрүү мүмкүнчүлүгү болуп калды. Курчап турган чөйрө маселелери, адамдын ден соолугунун көйгөйлөрү канчалык маанилүү экенин биз бардыгыбыз билебиз. Биз үч мектепте болдук (Ак-Өргө турак жай конушунда 2 жана Ала-Тоо турак жай конушунда 1) жана бүгүн биз № 79 мектепте «Билим кербенин» өткөрүп жатабыз, анын максаты, биринчи кезекте, экология көйгөйлөрүнө балдарды кызыктыруу жана көңүлүн буруу. Биз мектепке экология темасындагы китептерди, боелуучу ар кандай китептерди, «Кыргызстандын жандуу жаратылышы» энциклопедиясын жана Фонддун маданият жана экология маселелерине арналган китептерин белек кылдык. Учурдан пайдаланып, биз бардыгын калк арасында, атап айтканда, балдар жана жаштар арасында экологиялык маданиятты жогорулатууга чакырабыз. Эске сала кетели, «Билим кербени: табигый илимдердин көчмө өнөрканасы» долбоору «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан демилгеленген жана экологиялык уюмдардын катышуусу аркасында Бишкек шаарынын Мэриясынын билим берүү башкармалыгы менен кызматташтыкта уюштурулган. Бул иш-чара № 84 («Ак-Өргө» турак жай конушу), № 82 («Ала-Тоо» турак жай конушу) орто мектептеринде жана «Ак-Өргө» турак жай конушунда жайгашкан № 77 орто мектепте өткөрүлгөн.