Бишкек шаарынын мугалимдери үчүн экология боюнча Лекторий № 70 гимназия мектебинде өттү
March 16, 2015, 06:002015-жылдын 13-мартында № 70 гимназия мектебинде (саат 14.00дө) Бишкек шаарынын мектептеринин мугалимдери үчүн экология боюнча Лекторий өттү, аны «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бишкек шаарынын Мэриясынын билим берүү башкармалыгы менен кызматташтыкта жана Бишкек шаарынын экологиялык уюмдарынын жигердүү катышуусу менен өткөрдү. 3-лекциянын темасы Республикалык экология, туризм жана жер таануу балдар-өспүрүмдөр борборунун (РДЮЦЕКТ) өкүлдөрү даярдаган «Мектептерде эко-майрамдарды өткөрүү» болду, алар мектептерде экологиялык майрамдарды кантип өткөрүүгө боло тургандыгын айтып берди, бүткүл дүйнөдө майрамдалып жүргөн маанилүү экологиялык даталардын келип чыгышынын тарыхын сунуш кылды. Ошондой эле № 70 жана № 4 гимназия мектептердин өкүлдөрү мектепте эко-майрамдарды өткөрүү жана экологиялык ишти жүргүзүү тажрыйбасы менен бөлүштү, видео-маалымат № 20 мектептен сунуш кылынды. Лекторийге ошондой эле Гареев атындагы Ботаникалык бакчанын өкүлдөрү катышты, алар шаардын мектептерин кызматташтыкка чакырды. Ушунун бардыгы № 70 гимназия мектебинин кенже класстарынын окуучуларынын концерттик программасы менен коштолду. Лекторийдин максаты экологиялык мобилизациялоону жана сабаттуулукту, эко-маданиятты жана экологиялык аң-сезимди алга илгерилетүү, ошондой эле сергек жашоо ыңгайын пропагандалоо жана экологиялык жоопкерчилик сезимин тарбиялоо болуп саналат. Эске сала кетсек, мугалимдер үчүн Лекторий «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун жана үчүнчү Билим берүү фестивалынын – 2015-жылдын 24-25-апрелинде өтө турган Эко-фестивалдын алкагында өткөрүлүп жатат. Орус тилиндеги презентацияны бул жерден жазып алууга болот: 1. Эко-праздник в школе-гимназии № 4 2. Эко-праздники в школах - РДЮЦЭКТ