Бишкек шаарынын мугалимдери үчүн К.И. Скрябин атындагы КУАУда экология боюнча Лекторий өткөрүлдү
March 15, 2015, 06:002015-жылдын 13-мартында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык университетте кыргыз мектептеринин мугалимдери үчүн лекциялар өттү, алар Бишкек шаарынын мугалимдери үчүн экология боюнча Лекторийдин алкагында өткөрүлүп жатат. Лекциялар мектептердин аймактарында жашылчаларды жана жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүү темаларына, өсүмдүктөрдү туура өстүрүүгө жана дарылоого, аларды зыянкечтерден жана ар кандай ылаңдардан коргоо темаларына арналды. Лекциялар аяктагандан кийин Агрардык университеттин питомнигине экскурсия уюштурулду. К.И.Скрябин атындагы КУАУнун профессорлору, окутуучулары К.К. Джунушов жана К. Тургунбаев лектор болду. Шаардын 34 мектебинен келген мугалимдер Лекторийдин катышуучулары болуп калды. Лекторийди өткөрүүнүн максаты экологиялык мобилизациялоону жана агартууну, эко-маданиятты жана экологиялык аң-сезимди алга илгерилетүү, ошондой эле сергек жашоо ыңгайын пропагандалоо жана экологиялык жоопкерчилик сезимин тарбиялоо болуп саналат. Бул Лекторий «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун жана үчүнчү Билим берүү фестивалынын – 2015-жылдын 24-25-апрелинде өтө турган Эко-фестивалдын компоненттеринин бири болуп саналат. Лекторийди уюштуруучулар – «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бишкек шаарынын Мэриясынын билим берүү башкармалыгы менен кызматташтыкта, Бишкек шаарынын экологиялык уюмдарынын жигердүү катышуусу менен. Лекциялардын жыйынтыктары боюнча катышуучулар өз пикирлери менен бөлүштү. №5 орто мектептин география мугалими Гулаим Айдаралиева мындай иш-чараларды тез-тез өткөрүп туруу керек деп эсептейт: - Мага лекторий абдан жакты. Биз мурда көңүл бурбай жүргөн көп нерселерди билдик. Мисалы, гүл өстүрүү. Алар гүлдөп турган чакта биз кубанабыз. Бирок үрөнүн чогултуу учуру келгенде биз бул гүлдөр жөнүндө унутуп калабыз. Лекторийде бизге аларды кантип сээп жана түшүмүн кантип чогултуп алаарыбыз жөнүндө айтып беришти. Бул биздин акчабызды үнөмдөйт. Мен мындай лекцияларды тез-тез өткөрүп туруу керек деп эсептейм. Аларды ушул жердегидей адистер өткөрүп турууга тийиш. Бул өтө пайдалуу болор эле. №40 мектептин биология, химия жана география мугалими Датка Кубатова: - Биз өтө көп пайдалуу нерселерди уктук. Мектептин жанындагы короону жашылдандыруу боюнча пайдалуу маалыматты алдык. Дегеле ар бир адам өсүмдүк өстүрүүгө жана курчап турган чөйрөнү жашылдандырууга тийиш. Анткени жашылдандыруу экологияга жана адамдын ден соолугуна жакшы таасир этет. Мен бул жөнүндө өз окуучуларыма ар бир сабакта айтып турам.