Кыргызстан Аялдарынын Улуттук Форуму. Экинчи күн.
March 3, 2015, 06:00Бишкекте 2015-жылдын 2 – 3-мартында Кыргызстан Аялдарынын Улуттук Форуму өттү. Форумдун ишине өлкөнүн бардык облустарынан жана Бишкек шаарынан 1200дөн ашык адам катышты, алардын арасында активист айымдар, аялдар кыймылынын ардагерлери, айылдык кеңештердин деңгээлинен тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин деңгээлине чейинки депутат аялдар, айыл өкмөтүнүн башчысынан тартып министрге чейин, өлкөнүн жарандык секторун түзгөн бардык аялдар тармактарынын өкүлдөрү бар. Форумга ошондой эле Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлери, ЖМКнын жетекчилери, эксперттер катышты. Өлкөнүн бүткүл көзкарандысыздык мезгилинин ичинде бул ушундай масштабдагы биринчи Аялдар Улуттук Форуму экенин белгилеп кетүү керек. Иш-чара үч маанилүү датага: Кыргызстан Аялдар кыймылынын 90 жылдыгына, Пекинде Дүйнөлүк Аялдар Форуму өткөрүлгөн учурдан тартып 20 жылдыкка, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Тынчтыкты сактоодо, тынчтыкты жаратууда жана чыр-чатактан кийин калыбына келтирүүдө аялдардын салымын таануу боюнча 1325 резолюциясынын 15 жылдыгына арналган. Беш конференциянын темалары төмөнкүлөр болду: саясий процесстердеги аялдардын ролу жана катышуусу, жаңы көйгөйлөр жана аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, сот адилеттигине жеткиликтүүлүк: коргоонун натыйжалуу каражаттарына укук, кыз-келиндердин ден соолугу, билим берүү өнүгүү үчүн жоопкерчилик катары. Форумдун экинчи күнү, 3-мартта, Т.Сатылганов атындагы Мамлекеттик филармониянын имаратында салтанаттуу кырдаалда эки сессия өттү, аларда беш конференцияда айтылган бардык сунуштар, демилгелер, программалар жыйынтыкталды. 2015-жылдан кийинки мезгилде гендердик өнүктүрүүнүн жана мамлекеттик саясаттын иштелип чыгып жаткан Стратегиясы боюнча идеялар айтылды. Жыйырма жыл мурда өлкөнүн алдында, бүтүндөй алганда, эмгек ишине, анын ичинде аялдардын ишине климаттын таасири, миграция, бөтөн согушка кала берсе балдары менен аттанып жаткан айрым аялдар топторунун радикалдашуусу сыяктуу татаал көйгөйлөр турган эмес. Өлкө боюнча мектепке барбаган 60 миң бала жөнүндө маселе коомдук талкууга коюлду. Коомдо зор резонанска ээ болгон, балдарга жана аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүү боюнча Өкмөт иштеп чыккан механизм Форумда коомдук талкуудан өттү. Аялдар, бүткүл прогрессивдүү коомчулук, билимдүү адамдар репродуктивдүү ден соолук жөнүндө мыйзам парламенттен өтүшүнө кунт коюу менен көңүл бурууда. Жогорку Кеңешке шайлоонун алдында аялдар коомчулугу келечектеги парламентте аялдардын 30%дык өкүлчүлүгү үчүн күрөш жүргүзмөкчү. Дүйнөлүк масштабда 2030-жылга карата бардык өлкөлөрдүн башкы мыйзам чыгаруу органдарында эркектер менен аялдардын пайыздык катышы 50%га 50%ды түзүүгө тийиш. Бул Форумда жаш кыздардын добушу биринчи жолу жаңырды. Бул көп нерседен үмүттөндүргөн электорат, алардын таламдары жана мүдөөлөрү жакынкы беш жылда толук ачыкка чыгат.