logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

«Музыка – элдин дили: Уйгур музыкалык маданияты»

March 2, 2015, 06:00

Кыргызстан – көп улуттуу өлкө. Анда 80ден ашык улут жашайт. Ал уйгурлар үчүн мекен болуп калды. XIX кылымдын 20-жылдары уйгурлардын бир бөлүгү Кыргызстанга Кытайдын Синьцзян провинциясынан келген, ал эми ХХ кылымдын 50-жылдарынан тартып эмиграциянын экинчи толкуну болгон.   Уйгурлар түрк этносторуна кирет, Кытайдагы адамдардын негизги массасынан дини менен гана эмес, ошондой эле маданий жана тилдик салттары менен айырмаланат (уйгур тили – бул алтай тил үй-бүлөсүнүн түрк бутагынын чыгыш тобу).   Кыргызстандын этносторунун маданий ар түрдүүлүгү менен таанышуу, маданияттар ортосундагы, өзгөчө балдардын жана жаштардын ортосундагы диалогду өнүктүрүү максатында Кыргыз Улуттук консерваториясында 28-февралда «Музыка – элдин дили: Уйгур музыкалык маданияты» концерт-презентациясы өттү, аны «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргызстан калкынын Ассамблеясы жана Кыргыз Улуттук консерваториясы менен бирдикте уюштурду.   Концерт толук аншлаг менен өттү. Уккулуктуу чыгыш күүлөрүн маашырлана угуп, улуттук костюмдун кооздугун өз көзүң менен көрүп, улуттук бийдин демине аралашууга мүмкүн болду.

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram