logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»: телекөрсөтүүнүн алып баруучусу Гульзада Медралиева

February 21, 2015, 06:00

Бүгүн, 21-февралда, телекөрсөтүүнүн алып баруучусу Гульзада Медралиева балдарга Аркадий Гайдардын «Сказка про военную тайну, Мальчиша-Кибальчиша и его твердое слово» чыгармасын окуп берди.   Бардык балдар чыгарманы өтө кунт коюп укту, андан соң жомоктогу жаккан каармандардын сүрөтүн тартты: кимдир-бирөө Мальчишти, ал эми башкасы Плохишти, айрымдар болсо дегеле Кызыл Аскерди тартты. Бардыгына өтө кызыктуу болду, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун кызматкерлери бүгүнкү иш-чара жөнүндө эстеп жүрсүн деп бардык балдарга үй-бүлөдө китеп окуунун маанилүүлүгү жөнүндө жана «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоору жөнүндө кооз китеп-буклеттерди белек кылды.   Эгерде Сиз өз балаңыз менен Аркадий Гайдардын "Сказка про военную тайну, Мальчиша-Кибальчиша и его твердое слово" чыгармасын окууну чечсеңиз, анда аны бул жерден жазып, андан соң бул чыгарманы экрандан көрө аласыз.       Сизди ишембиде 11-00дө "Раритет" дүкөнүндө күтөбүз.

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram