logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

«Устат» долбооруна катышкан кыздар коньки тепкенди үйрөндү

February 4, 2015, 06:00

Сергек жашоо ыңгайын колдоо максатында «Устат» менторлык долбоорунун катышуучулары 2-февралда шаардык көк жылгаякка барды. Катышкан кыздардын жарымынан көбү коньки кийди. Мекеменин тажрыйбалуу инструкторлору аренада муз тебүү учурунда башына сөзсүз каска, тизе жана чыканак үчүн зарыл аксессуарларды кийүү, конькинин боосун туура байлоо жөнүндө, ошондой эле муз тебүүнүн эрежелери жөнүндө айтып берди.   Эгерде кыздар жаңыдан муз тээп баштаганда биринин артынан бири ээрчип, бордюрга кармалап жаткан болсо, сабактын аягына карата көк жылгаяктын бетинде ишенимдүү сызып жүрдү. Бул иш-чара кыздардын командалык демин чыңдап жана жакшы маанай тартуулады.   Тыныгуу учурунда кыздар өз менторлору жөнүндө өздөрүнүн таасирленүүлөрүн бөлүшүп жатты. Арстанбек кызы Кызжибек өзүнүн насаатчысы – «ДКИБ-Манас» Демир банктын филиалынын директору Линара Биккулова менен экзотикалык көпөлөктөрдүн көргөзмөсүн көргөнүн, ошондой эле № 83 мектептен өзүнүн өнөгү Масадык кызы Алинаны көргөнү ооруканага барганын айтып берди.   № 21 мектептин 11-классынын окуучусу Айжан Талапбекова кирпиктерди узартканды үйрөнгөнүн кыздар менен бөлүштү. Косметикалык процедурадан түшкөн киреше ага зарыл буюмдарды сатып алуу үчүн өз каражаттарына ээ болууга мүмкүндүк берет. Ал ошондой эле беттин, колдун ар кандай типтеги терилерин жана чачты туура кароо жөнүндө айтып берди.   Кыздар кийинки тренингди жана өз менторлору менен жолугушууларды чыдамсыздык менен күтүп жатат. Долбоор башталгандан тартып үч айдан кийин катышкан кыздардын потенциалынын өнүгүшүндөгү оң динамиканы тартынбастан белгилөөгө болот.

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram