logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

КР экс-Президенти Р.Отунбаеванын Ош шаарына визити болду

January 24, 2015, 06:00

КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын Ош шаарына жумушчу визити болуп өттү.   Иш сапардын жүрүшүндө жолугушуулар өттү, алардын алкагында төмөнкүдөй маселелер талкууланды:   - балдардын денебой жана интеллектуалдык жактан өнүгүшү үчүн мектеп окуучуларынын таза жана сарамжалдуу тамак-ашынын идеяларын алга илгерилетүү;   - жамааттык балдар бакчаларынын тармагын өнүктүрүү жана жай мезгилинде жайлоодогу балдар бакчаларын түзүү;   - 2015-жылдын 2-3-мартында өтө турган Кыргызстан Аялдарынын Улуттук Форуму;   - фонддун «Бөбөк ыры» долбоорун турмушка ашыруу, анын максаты – кыргыз тилиндеги балдар ырларынын учурдагы репертуарын түзүү, ал республиканын балдарын руханий жактан өнүктүрүүгө жана кыргыз тилин алда канча терең өздөштүрүүгө түрткү берет;   - «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоору, ал балдар жакшы көргөн жомокторду, ошондой эле азыркы авторлор жазган чыгармаларды өлкөнүн белгилүү инсандарын тартуу менен жана биргелешип окуу аркылуу китеп окуу маданиятын актуалдуу кылууга, балдарга китеп окууну каныктырууга багытталган.

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram