КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын Талас облусунун региондоруна жумушчу визити болуп өттү
January 20, 2015, 06:00Бул иш-чаранын максаты мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу боюнча долбоорду турмушка ашыруу менен таанышуу, Мектеп тамак-ашы улуттук программасынын концепциясы жөнүндө маалымдар болууну жакшыртуу болуп саналат. Иш сапардын жүрүшүндө ошондой эле ата-энелер, мугалимдер, окуучулар менен жолугушуулар болуп өттү. Иш сапар БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КР Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте ишке ашырып жаткан «Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашы жагынан мамлекеттик саясатты алга илгерилетүү» долбоорунун алкагында өттү.
Loading...