logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

Блокадачылар үчүн угуу аппараттары – «Мекендештер» Форуму аракетте

January 15, 2015, 06:00

2015-жылдын 14-январында Улуттук госпиталдын поликлиникасында Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери үчүн Кыргызстанда жашаган Ленинграддын блокадачыларына угуу аппараттарын тапшыруу акциясы өттү. Угуу аппараттары биздин мекендешибиз Арстанбек Саргалдаев башчылык кылган «Мурас» Кыргыз-Америкалык Альянсы тарабынан алып келинди. Бул акция үч бирикменин: «Наша Победа – Биздин Жеңиш» издөө кыймылынын, Кыргызстандын блокадачылар коомунун жана «Мурас» Кыргыз-Америкалык Альянсынын кызматташтыгынын аркасында мүмкүн болуп калды. Госпиталдын башкы врачынын орун басары Б. Т. Төлөгөнов бул акцияны жүргүзүүдө Кыргыз-Америкалык Альянстын жана өнөктөш уюмдардын салымын баса белгиледи: «Бүгүн алардын жардамы менен жана биздин врачтар менен силердин угууңарды текшеребиз жана андан соң сунуштарды беребиз, кымбаттуу блокадачылар!» – деп бегиледи башкы врачтын орун басары. Кыргыз блокадачылар коомунун активисти Кутанов Марат Асанбекович издөө кыймылы менен кат алышуунун жана коммуникациянын ролун баса белгиледи. Ал эми издөө кыймылы, өз кезегинде, АКШдагы мекендештерибиз менен байланышты. «Социалдык долбоорлорду турмушка ашыруу жагынан иш жүргүзүп жаткан адамдар дайыма көрүнүп турат. Биз ЖМК аркылуу керектүү адамдар менен жолугушабыз, таанышабыз, мында бизге Светлана Лаптева жардам берүүдө. Ал аркылуу Арстанбек Саргалдаевге кайрылдык. Ал ыктыярдуу эрки бар адам, АКШдагы мекендештерди уюштурду жана 2015-жыл ушундай башталып жатканына биз кубанычтабыз. Бул – Улуу Жеңиштин 70 жылдыгынын башталышы!», – деп белгиледи Кутанов М.А. Врач сурдолог Зарипова Тамила Бахтияровна угуу жагынан өтө курч көйгөйлөрү бар 17 блокадачыны текшерди. Алардын бардыгы угуу аппараттарын кубануу менен алды. «Эми «тыңшайбыз», толук баарлашабыз, ТВны көрөбүз, радиону угабыз! Кыргыз-Америкалык Альянска ыракмат!».

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram