«Дизайндын үч сааты»
December 19, 2014, 06:002014-жылдын 13-декабрында «Устат-2» долбооруна катышкан шакирттер И.Арабаев атындагы КМУнун алдындагы Экономика жана Менеджмент Институтунун Инновациялык технология Департаментинин Студенттик билим берүү демилгелер долбоорунун жетекчиси Чынара Ашимованын «Дизайндын үч сааты» мастер-классында болду. Үч саат аралыгында кыздар куттуктоо открыткаларын, оюнчук шарларды, розаларды жана иш-чаралар менен залдардын жасалгасы үчүн башка буюмдарды жасоонун сырларын өздөштүрдү. Шакирттер ивент-менеджментти өнүктүрүү чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө кантип көмөктөшүп жатканы жөнүндө маалымат алды. Даярдалган бардык буюмдар Беловодск айылындагы балдар үйүнүн балдарына бөлмөлөрдү жасалгалоо үчүн берилмекчи.
Loading...