Борбор шаарда «Ачык билим берүү үчүн» коалициясынын экинчи жолугушуусу өттү
December 19, 2014, 06:002014-жылдын 18-декабрында Кыргызстандын борбор шаарында «Ачык билим берүү үчүн» коалициясынын экинчи жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун алкагында 2015-жылдын жакынкы жарым жылдыгына Коалициянын Жобосу жана Иш-аракеттеринин планы боюнча маселелер каралды. Бул жолугушууга Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Бермет Турсункулова, билим берүү мекемелеринин, коммерциялык жана коммерциялык эмес секторлордун өкүлдөрү катышты. Кыргыз Республикасынын Экс-президенти Роза Отунбаева Кыргызстанда ачык билим берүүнү алга илгерилетүүгө багытталган күчтөрдү баш коштуруу үчүн бул Коалицияны түзүүнүн маанилүүлүгүн айтып, ошондой эле бул маселелерди чагылдыруу боюнча журналисттерди окутуу зарыл экенин баса белгиледи. Мындан тышкары, азыркы учурда 25 миңге жакын макаланы камтыган Кыргыз Уикипедиясы үчүн макалаларды чогултуу боюнча жалпы күч-аракеттерди баш коштуруу сунуш кылынды. Өз кезегинде, «Журналисттер» коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы Марат Токоев бул маселелерди ЖМКда чагылдыруу боюнча көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле Кыргызстанды алга илгерилетүүгө тоскоолдук кылган көйгөйлөр козголду. «Тилекке каршы, маалыматка, билим алмашууга ачык жеткиликтүүлүк идеялары өтө тар чөйрөлөрдө гана жайылтылган. Мектептерде мугалимдер электрондук окуу китептерин пайдалануудан баш тартууда, анткени мектеп окуучулары IT-технологияларды өздөрүнүн тарбиячыларына караганда тезирээк өздөштүрөт. Ачык билим берүү түшүнүгү жакында эле пайда болду, бирок билим берүү эркин жана акысыз болууга тийиш экенин баары эле биле бербейт», – деп айтты «Сорос-Кыргызстан» Фондунун «Маалыматтын эркиндиги» программасынын координатору Лира Самыкбаева. Коалициянын кийинки жолугушуусунун күн тартибине Кыргыз Республикасынын мектеп билим берүү мекемелеринде ИКТны жана ачык билим берүү ресурстарын колдонуу боюнча маселени киргизүү сунуш кылынды.