Бишкектик балдарга Германиянын КРдагы элчисинин орун басары Андерс Лундгрен жомок окуп берди жана бир катар мастер-класстар көрсөтүлдү
December 11, 2014, 06:0010-декабрда КР Мамлекеттик тарых музейинде «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорунун алкагында Германиянын КРдагы элчисинин орун басары Андерс Лундгрен балдарга «Кызыл топу» жомогун окуп берди. Бул иш-чара кенже мектеп курагындагы балдар үчүн өткөрүлдү. Программанын алкагында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери оюн-зоок көрсөттү. Ошондой эле немецтердин «Май салынган чөйчөк» деген башка жомогун окуп беришти. Мындан тышкары, уккан жомоктордун сүйүктүү каармандарын жана «Май салынган чөйчөк» жомогундагы «Чопо чөйчөктү» колдо болгон материалдардан жасоо боюнча мастер-класс өттү: чоподон жасоо, сүрөт тартуу, тигүү, боео. Бардык чыгармалар немец авторлорунуку болду, анткени иш-чара «Немецтер Кыргызстандын тарыхында» көргөзмөсүнүн базасында өттү. Башкы максат – Кыргызстан немецтеринин тарыхын жана өлкөнүн экономикасын жана маданиятын өнүктүрүүгө алардын кошкон салымын Кыргызстандын кеңири коомчулугуна жана дүйнөлүк шериктештикке көрсөтүү, ошондой эле Кыргызстандын жана Германиянын интеграциясынын жана кызматташтыгынын андан аркы жолдорун чагылдыруу. «Ушул балдар майрамын өткөрүү балдарды немец маданиятынын жана баарлашуунун дүйнөсүнө алып барат, мектеп окуучуларында таанып-билүүгө кызыгууну өнүктүрүүгө түрткү берет жана аларды маданияттар аралык алмашууга багыттайт», – деп билдирди уюштуруучулар. Уюштуруучулар – «Кыргызстандын немецтеринин элдик кеңеши», Германиянын КРдагы Элчилиги, Гёте Институту, К. Аденауэр Фонду, «Интергласс» компаниясы, КР Мамлекеттик тарых музейи аркылуу өнөктөрдүн колдоосу аркасында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду.