logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

«Устат-2» долбоорунун катышуучулары (шакирттери) компьютердик сабаттуулуктун негиздери менен таанышты

December 8, 2014, 06:00

«Устат-2» долбоорунун катышуучулары (шакарттери) компьютердик сабаттуулуктун негиздери менен таанышты. Ушул жылдын күзүндө жаңы конуштардагы мектептерде пикир сурамжылоонун жүрүшүндө көпчүлүк окуучулар компьютердик сабаттуулуктун базалык жөндөмдөрүн билбей тургандыгы айкын болду.   Борбордук Азиядагы Америкалык Университеттин Кошумча билим берүү борбору менен өнөктөштүктө 30-ноябрда жана 7-декабрда борбор шаардын жаңы конуштарындагы мектептердин жогорку класстарынын окуучу кыздары компьютер менен иштөө учурундагы коопсуздук техникасы жөнүндө, маалыматты тышкы топтоочулар жөнүндө биле алды, электрондук почтаны пайдаланууга үйрөндү, социалдык тармактардын иши менен таанышты. Машыктыруучу үйрөнчүктөргө интернет тармагындагы иштин негиздери жөнүндө, Google: Издөө, Котормочу, Карта ж.б. тиркемелери жөнүндө, почта сервистери (Gmail мисалында) менен иштөө жөнүндө айтып берди. Кыздарга ири почта сервистеринин (Gmail, Mail.ru, Yandex, Yahoo ж.б.) баяндамасы өткөрүлдү, Gmail’де аккаунттарды каттоого жардам беришти, ишкер каттарды жазуу эрежелери, дарек китебинин иши менен тааныштырышты. Биздин заманда социалдык тармактар кыйла маанилүү роль ойнойт, кыздар алар менен FaceBook мисалында таанышты.   Семинар аяктагандан кийин бардык катышуучулардын арасында пикир сурамжылоо өткөрүлдү, алар тренингдин жана бүтүндөй алганда долбоордун практикалык зор пайдасын белгиледи.

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram