logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

Кыргызстандын Экс-президенти Р.Отунбаева Кара-Суу районунун жайыттарындагы балдар бакчаларына барды

August 9, 2014, 06:00

Кыргызстандын Экс-президенти Роза Отунбаева 2014-жылдын 7-августунда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады жана Кара-Кыштак айылдарында жайгашкан жайлоолордогу балдар бакчаларына таанышуу сапары менен барды.   Жергиликтүү калк менен жолугушууда экс-президент жайыттарда балдар бакчаларын ачуунун өтө зарылчылыгы жөнүндө, ушундай балдар бакчаларын башка региондордо ачуунун тажрыйбасы, ошондой эле бул багыттагы иштин келечектери жөнүндө айтып берди.   Ош мамлекеттик университетинин жана Ош педагогикалык институтунун педагогдору балдарды окутуунун интерактивдүү ыкмаларын балдарга көрсөттү.   Ошондой эле 2014-жылдын жайында Кыргызстандын бүткүл аймагы боюнча тоолуу аймактарда жайлоолордо 35 балдар бакчасы ачылгандыгы белгилүү болуп калды, анын ичинде Ош облусунда 8 балдар бакчасы (3 балдар бакчасы Кара-Кулжа, экөө Кара-Суу районунда жана Алай, Ноокат жана Өзгөн райондорунда бирден балдар бакчасы) ачылды.   Мындай балдар бакчаларын ачуунун негизги максаты – балдарды өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram