logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

Ош жана Нарын облустарындамектеп тамак-ашы саясатын алга илгерилетүүдө жергиликтүү жамаатты жигердештирүү үчүн тренингдер өткөрүлдү

July 3, 2014, 06:00

2014-жылдын 21-июнунда Нарын облусунун К.Акназароватындагы мектебинде жана 30-июнунда Ош облусунун Найман айылындагы орто мектепте мектеп тамак-ашы саясатын алга илгерилетүүдө жергиликтүү жамаатты жигердештирүү максатында ата-энелер комитеттиринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мектептердин администрацияларынын, өкмөттүк эмес сектордун өкүлдөрү үчүн тренингдер өткөрүлдү.   Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар региондордун деңгээлинде мектеп тамак-ашы боюнча пилоттук долбоорлорду турмушка ашыруунун оң тажрыйбасы менен таанышты, мектеп тамак-ашына ысык тамакты киргизүүнүн маанилүүлүгүн талкуулады жана мектеп тамак-ашын жакшыртууда жергиликтүү жамааттын мүмкүнчүлүктөрү айкындалды.   Тренингдин катышуучулары төмөнкүдөй сунуштарды берди:   1. Мектеп тамак-ашын жакшыртуу боюнча жер-жерлерде ата-энелер фонддорун түзүү.   2. Жергиликтүү жамааттардын тендердик комиссияга контролдук кылышы, ошондой эле мектеп тамак-ашынын программасын турмушка ашыруу боюнча контролдук кылуу.   3. Тендерлердин катышуучуларынын санын көбөйтүү.   Бул тренингди БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен турмушка ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашынын мамлекеттик саясатын алга илгерилетүү» долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду уюштурду.

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram