logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

Бишкекте «Библиотүн» социалдык-маданий акциясы өттү

May 17, 2014, 06:00

Кечээ, 16-майда, Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында «БИБЛИОТҮН» социалдык-маданий акциясы өттү, анын алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду салтка айланып калган «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясын өткөрдү. Бул кечте балдарга мейманга төмөнкүлөр келди: - атактуу теле алып баруучу Салтанат Саматова, ал "365 күн жомокту" окуп берди; - дизайнер, фотограф жана жаңыдан жазып баштаган балдар жазуучусу Алексей Скачков, ал барабашкалардын жоруктары жөнүндө өз жомогун окуп берди. Ал эми акциянын корутундусунда Эльмира Тентиева, Дамира Садыкбекова жана Токон Орусбаева балдар үчүн өтө кызыктуу «Чебер колдор» мастер-классын өткөрдү.   «Библиотүн» - бул китеп окууну даңазалоонун жана китепканалардын ишинин жаңы форматы. Акциянын максаты – адамдарды тартуу, стереотиптерден арылуу, окурмандар менен ишеничтүү жана кызыктуу диалогду түзүү, аларда китепкана жөнүндө илимий, агартуу институт катары гана эмес, ошондой эле майрамдын жана тандоо эркиндигинин деми бар белгилүү жер катары түшүнүктү калыптандыруу, ошондой эле жашоо ыңгайы катары китеп окууну колдоо, кайталангыс кубулуш катары адабий процессти өнүктүрүү.

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram