logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

«ЖАКШЫ ОТКРЫТКА – ЖАРДАМ БЕРҮҮ ӨНӨРҮ»

February 5, 2015, 06:00

Кымбаттуу достор жана өнөктөр!   «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду   «ЖАКШЫ ОТКРЫТКА – ЖАРДАМ БЕРҮҮ ӨНӨРҮ»   долбоорунун алкагында   сүрөтчү Темирбек Мусакеевдин репродукциялары бар открыткалардын комплектин чыгарды   Кайрымдуулук открыткалары – бул жакшы иштерге катышуунун дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө кабыл алынган формасы. Мисалы, Улуу Британияда Рождествого карата сатып алынуучу открыткалардын 85%ы – кайрымдуулук открыткалары! XIX жана XX кылымдардын аралыгында кайрымдуулук открыткалары өзүнүн «алтын доорун» сүргөн жана Россияда өтө даңазалуу болгон. Биздин фонд ушул салтты Кыргызстанга жайылтып жана мүмкүн болушунча көп адамдарды жана компанияларды орундуу жана натыйжалуу долбоорлорго катышууга тартууга ниеттенет. Долбоордун негизи – кооз жана кызыктуу открыткалар, календарлар. Алардын арасында – жаңы жылдык открыткалар, Ноорузга жана 8-мартка карата, ар кандай башка майрамга карата открыткалар бар. Бирок алардын бардыгы – жөнөкөй эмес, аларды сатуудан түшкөн каражаттарды биз балдардын билим берүү долбоорлоруна жумшайбыз. Өзүңүз жана өз жакындарыңыз үчүн бул открыткаларды сатып алуу менен, Сиз Кыргызстандын билим берүүсүн жана маданиятын өнүктүрүүгө жана колдоого салым кошосуз. Открыткаларды төмөнкү дарек боюнча офистен сатып ала аласыз: Чүй проспекти 106, 108-кабинет (Тыныстанов көчөсү менен кесилиште), маалымат алуу үчүн телефон 0 (312) 660382

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram