Билим берүү фестивалынын алкагында салттуу экологиялык билимдер боюнча көргөзмөлөр жана мастер-класстар өттү.
May 4, 2014, 06:002014-жылдын 27-апрелинде Билим берүү фестивалынын алкагында Тарых музейинде «Бардыгы үчүн билим» классы, салттуу экологиялык билимдер боюнча көргөзмөлөр жана мастер-класстар өттү, аларды жаратылыш жана маданият жагынан салттуу билимдерди кайра жаратууга, өнүктүрүүгө жана алга илгерилетүүгө тартылган фонддор жана борборлор уюштурду, алар:Кристенсен Фондунун грантерлорунун өнөктөштүк тармагынан – РДФ, Устатшакирт, Таалим-Форум, СААМ, Миң Кыял, Салбуурун, ИСУР, Айгине, УЦА, «Ала-Тоо» САМР, MSDSP KG, Билимкана, Б’Art, Био-Мурас, КНАУ ЦБР. Фестивалдын учурунда Устатшакирттен «Комуз күүлөрү» жана «Чопо чоордо ойноо», Б'Art’тан«Жазды тартабыз», Таалим-Форумдан «Боелуучу китеп», РДФдан«Чоң энелердин кеңеши боюнча өз колубуз менен», РДФдан«Куурма чай» жана ИСУРдан«Кыргыз элдик акыл казынасы»,«Чийден жасалган мураска калган куурчактар» жана «Чоң энелердин саймалары» жана башка мастер-класстар өткөрүлдү, фестивалдын учурунда ошондой эле Салбуурундан«Демейки жаадан атуу» оюндары өткөрүлдү. Көргөзмө залында фонддордун жана уюмдардын балдар сүрөттөрүнүн «Биологиялык өсүмдүктөр ар түрдүүлүгү балдардын көзү менен» деген көргөзмө түрүндөгү иши, Айгинеден кыргыздардын салттуу билимдери боюнча окуу китептеринин жана видеоматериалдардынкөргөзмөсү, MSDSP KG’дан балдар китептеринин жана боз үйдөгү балдар бакчасынын фрагментинин көргөзмөсүжана «Китеп дүйнөсүнө саякат» анимациялыктелеберүүсү, УЦАдан «Жайлоо этнографиясы» фото-экспозициясы, РДФдан«Жаш муун үчүн акыл кенчи», «Дарылык чөптөр, көчмөн ашканасы жана кол өнөрчүлөрдүн буюмдары», балдар сүрөттөрү жана жаратылыш материалдарынан жасалган буюмдар бар «Баарыбыз бирге токойду сактап калабыз» көргөзмөсү, балдардын аткаруусунда салттуу музыканын концерти, ошондой эле “Ала-Тоо” CAMPдан китептердин жана «Жайыттар менен жапайы жаныбарларды сактоо» макалаларынын көргөзмөсү, Таалим-Форум, ИСУР, КНАУ ЦБР, Билимкана жана СААМдан басылма продукциянын көргөзмөсү сунуш кылынды. Конференц-залда «Рабаят» театрынан кенже орто курактагы балдар үчүн орус жана кыргыз тилдеринде «Күтүлбөгөн мейман» куурчак спектакли көрсөтүлдү, мектеп окуучуларынын комузчулар ансамбли комуз чертти, аарынын пайдалуулугу жөнүндө оюн көрсөтүлдү. Ошондой эле Эмил Шукуров катышкан «Сөздүн унчукпай калышы» фильми(Таалим-Форум), Талас облусундагы ыйык жер жөнүндө «Боз Тектир» фильми (Айгине), «Байыркы Тотемдердин белгилери» фильми (ИСУР), «Салттуу билимдерди сактоочулар» фильм-трилогиясы - «Улуу манасчылар», «Өлбөс дүйнөнүн музыкасы», «Ыйык мейкиндик» кыргыз жана орус тилдеринде (Таалим-Форум), “Арткана” фильми (Билимкана) көрсөтүлдү. Билим берүү фестивалын өткөрүү Бишкек шаарынын жакшы салты болуп калууда жана туруктуунегизде өткөрүлүп турат.