logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

Экинчи Билим берүү фестивалынын алкагында салттуу болуп калган «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы өттү

May 7, 2014, 06:00

Экинчи Билим берүү фестивалынын алкагында салттуу болуп калган «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы өттү. Бул жолу балдарга төмөнкүлөр мейманга келди: • КТРКнын "Жаны Башат" программасынын алып баруучусу Гульзада Медералиева, • «Нон-стоп» тобунунсолисттери Максат менен Чолпон • Асылбек Жоодонбеков – «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын долбоорунун  координатору, «365 күн жомок» китебинин автору • Жамал Сейдакматова - СССР эл артисти, Токтогулатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, «Тунгуч» жаштар театрынын көркөм жетекчиси, • Эрмек Нурбаев - шоумен, "ТАМАШОУнун" жетекчиси • Жоомарт Жолдошев - Joldoshev&Partners юридикалык компаниясынын президенти. • Салтанат Саматова –белгилүү теле алып баруучу, • Эльвира Сариева – КРвице-премьер-министри, • ырчы Дархан • Анжелика  Бекболиева – ырчы, дизайнер, КРактрисасы • Кененсаров Эльдияр – «Азия Mix» командасынын лидери,«Чоң кишилер»фильмининпродюсери Алардын бардыгы бул күндөрү чындыгында эле ЖЫЛДЫЗ болду – жылдыздардын оозунан чыккан кызыктуу үн чыгарып китеп окуу, жандуу талкуу, тамаша, юмор, жашоодон алынган кызыктуу окуялар иш-чара бүткөндөн кийин да балдарга тарап кетүүгө мүмкүндүк берген жок. Көптөгөн балдар кеткиси келбей, кийинки катышуучу келишин күттү, бул акциянын көөнөрбөс тарбиялык потенциалын дагы бир жолу баса белгиледи. Балдар да, ата-энелер да оң эмоциялардын жана мыкты маанайдын зор кубатын алды, зор канааттануу менен китеп окуду, ойноду, буюмдарды жасады. Эске сала кетсек, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ китеп окуу маданиятын жана балдардын китепке кызыгуусу кайра жаратуу идеяларын пропагандалоо максатында «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясын өткөрүп турат. Азыркы балдар китепти аз окуйт, бул инсандын калыптанышына жана анын чыгармачыл потенциалынын өнүгүшүнө терс таасир этүүдө. Акция баланын китеп окууга адаттарын жана сүйүүсүн калыптандыруунун алмашылыгыс элементи катары балдарга үн чыгарып китеп окуу зарылчылыгына коомчулуктун көңүлүн бурат.

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram