Билим берүү фестивалынын биринчи күнү аяктады
April 26, 2014, 06:00Бүгүн, 26-апрелде, экинчи Билим берүү фестивалынын ачылышы болду. Быйылкы жылы Фестивалды «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Раззаков атындагы КМТУ менен кызматташтыкта уюштурду, ал Фестивалдын биринчи күнүндө эле өз эшиктерин ачты. Бүгүнкү күндүн башкы айырмачылыгы – кеңири жана ар түрдүү программа, ал илимий-техникалык билимдерди өнүктүрүүгө жана жайылтууга, экологиялык сабаттуулукту жогорулатууга багытталган, ал 7 жаштан 16 жашка чейинки балдарга, ошондой эле адистерге эсептелген. Эртеден кечке чейин атайын жабдылган аянттарда («концерттик класс», "Бардыгы үчүн билим" классы, «Билимбектин лабораториясы» классы, «спорттук класс», «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы ж.б.) 100дөн ашык ар кандай билим берүү иш-чаралары өттү, алар фестивалдын меймандарынын жандуу кызыгуусун пайда кылды, аба ырайы начар болгонуна карабай, беш миңден ашык мейман келди. Фестивалдын координатору Клара Исак кызы: «Бүгүн аба ырайына карабастан шаардыктардын активдүүлүгүнө биз ыраазы болдук. Мектеп окуучулары, балдар, жаштар көп келди. Эртең ийгиликтүү улантылат деп күтүп жатабыз». Раззаков атындагы КМТУнун лабораториялары жана кафедралары боюнча тематикалык экскурсиялар да кыйла аудиторияны чогултту. Техникалык университеттин ректору Туратбек Болотбекович Дуйшеналиев: «Биз ушунча сандагы адамдар келет деп күткөн эмеспиз. Университеттин окутуучулар курамы жана студенттер шаарга өз эшигин ачканына кубанычта болду. Бүгүн биз меймандарыбызга унутулгус, кызыктуу, маалыматтык майрамды тартууладык». Бүгүн борбор шаарда жаркын, эл көп катышкан, түркүн түстүү майрам башталды. Жакынкы эки күндө көңүлдүү оюн-зоок болот, анда балдар, ата-энелер жана адистер үчүн таанып-билүү иш-чаралары үчүн да орун табылат. Эртең бардыгын Эски аянтта, Мамлекеттик тарых музейинин имаратында, «Сейтек» борборунда күтөбүз. Билим берүү Фестивалынын уюштуруу комитети: «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду