ЖМКлар биз жөнүндө: Бишкекте Казакстанга арналган концерт болуп өттү
February 24, 2014, 06:00Кыргыз улуттук консерваториясында «Музыка – элдин дили: Казакстан» деген концерт болуп өттү, аны «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду уюштурду. Зал жыкжыйма толду, каалагандардын бардыгы үчүн бош орун жетпей калды. Концерт башталганга чейин Кыргызстандагы казак диаспорасынын иши жөнүндө, Кыргызстанда жашаган белгилүү казактар жөнүндө видеофильм көрсөтүлдү. Казакстандан келген «Махабат» ансамбли – илгертен келаткан кыймылдуу "Кара журга" бийин, ал эми фольклорчулар орус кызынын казак жигитине болгон махабаты жөнүндө казактын мукамдуу "Дударай" ырын аткарды. Жаш ырчы Алтынай Жусупова менен опералык ырчы Эржан Мусин көрүүчүлөрдү мыкты аткаруусу менен кубандырды, Э.Мусин ошондой эле концертти да алып барды. Көрүүчүлөргө кыз турмушка чыгаар алдында жигиттин ата-энеси менен таанышуусунун салты көрсөтүлдү, казак элдик музыкалык аспаптары – комузга окшош болгон эки кылдуу домбранын, түзүлүшү боюнча гуслини эске салган байыркы жети кылдуу чертме аспап – жетиген менен кобыздын үнү жаңырды. Кийинки аспап кыргыздын кыл кыягына ушунчалык окшош болгондуктан меймандар аларды ажырата алган жок. Казак жана кыргыз төкмө акындарынын айтышы, кыязы, эң кызыктуу болду. Кала берсе эки элдин конкурсунун аталышы да окшош: казактарда "айтыс" жана кыргыздарда "айтыш". Казакстандан келген Карлыгаш Кожогазина менен Азамат Болгонбаев айтышты алардын алдында домбра менен комуздун коштоосунда "23-февраль" деген темада төкмө формада ырдоо милдети турду. Бирок акындар тез эле темадан алыстап жана эки элге тынчтыкта жана ынтымакта жашоону тиледи. Ал эми Азамат казак элине карата өзүнүн жакшы көрүү сезимин билдирүүдө кала берсе залда олтурган АКШнын элчиси Памела Спратленге кайрылды. Концертти КР эмгек сиңирген артисти Султан Каримов жыйынтыктады, көрүүчүлөр аны дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алды. «Аткаруучулардын көпчүлүгү кесипкөй артисттер эмес, андыктан жакшы деңгээлдеги кызыктуу программаны түзүү оңойго турган жок. Казактардын маданияты кыргыздыкына окшош, ошондуктан кыргыз улутундагы адамдарга кызыксыз болуп чыкпасы үчүн айырмачылыктарды табуу жеңил болгон жок», – деди концертти тең алып баруучу Светлана Лундгрен. Анастасия Ходыкина Вечерний Бишкек