logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

Бишкекте космоско жана астрономияга арналган Илимдин, техниканын жана өндүрүштүн жумалыгы аяктады

February 17, 2014, 06:00

Бишкекте 15-февралда Раззаков атындагы КТУда Илимдин, техниканын жана өндүрүштүн жумалыгынын салтанаттуу жабылуу аземи болуп өттү. Жумалыкты «Алтын түйүн» Республикалык балдар инженердик-техникалык академиясы – «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жыл сайын уюштурган жана өткөргөн Билим берүү фестивалынын өнөгү өткөрдү. Салтанаттуу иш-чарага КР экс-президенти Роза Исаковна Отунбаева катышты.   Иш-чара окуп жаткан жаштарды илимди изилдөөгө жана өнүктүрүүгө, илимдин ар кандай тармактарындагы инновациялык ишке тартуу, өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүшү үчүн сапаттуу билим алуунун маанилүүлүгүн көтөрүү максатында өткөрүлдү.   Жумалыктын алкагында академия көптөгөн иш-чараларды: Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинде (КТУ) балдар иштеринин көргөзмөсүн, «Математика», «Физиктер КВНы», «Өз интеллектуалдык потенциалыңды текшер», «Тап жана зыянсыздандыр» (компас менен иштөө) оюндарын, «Балдар менен жаштардын илимий-техникалык чыгармачылыгы» сайтынын жана кафедрасынын презентациясын уюштурду. КТУдагы балдар иштеринин көргөзмөсүнө борбор шаардагы мектептердин 6 – 11-класстарынын окуучуларынын колунан чыккан макалалар, илимий иштеп чыгуулар, сүрөттөр, буюмдар, иштер, автомобилдер жана башкалар сунуш кылынды. Өзгөчө өнөрлүү балдарга грамоталар, белектер тапшырылды жана «Балдар академиясынын академиги» наамы берилди.   Иш-чарага борбордун билим берүү мекемелеринин 8 – 11-класстарынын 200 окуучусу катышты. Окуучулардын мыкты иштери Кыргызстанда өтө турган 2014-жылдагы XIX Эл аралык астрономиялык олимпиада үчүн белектер каталогуна киргизилет деп күтүлүүдө.

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram