Ошто экс-президент Р.Отунбаеванын билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен жолугушуусу болуп өттү
February 15, 2014, 06:0013-февралда Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүндө Кыргызстандын мурдагы президенти Р.Отунбаеванын билим берүү мекемелеринин жетекчилери, жергиликтүү бийликтердин жана жайыт комитеттеринин өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө мектептеги тамак-аштын сапатынын, жамааттык жана жайыттык балдар бакчаларын уюштуруунун маселелери талкууланды. Р.Отунбаева белгилегендей, түштүк облустар боюнча сапардын учурунда ал өтө көп заңгыраган үйлөрдү, кымбат баалуу автомашиналарды көрдү. «Материалдык абал жакшырып жатат, бирок биз руханий жактан тарбиялоодо артта калып жатабыз. Жаштарды заманбап илимий технологияларга жана руханий дөөлөттөргө тарбиялоо керек», - деп айтты экс-президент. Анын айтымы боюнча, балдардын дене бой жана интеллектуалдык жактан өсүшүндө балдар бакчалары зор мааниге ээ, бирок Кыргызстанда мектепке чейинки курактагы балдардын 15 пайызы гана балдар бакчалары менен камтылган. «Мен жакында Жалал-Абад жана Баткен облустарында болдум. Бардык жерлерде жергиликтүү тургундар балдар бакчаларын ачууну өтүнүп жатат. Жамааттык балдар бакчаларын ачуу үчүн көп каражат талап кылынбайт. Тамак берилбей турган эки сменадагы сабактарды уюштурууга болот, ал жерде баланы андан ары өнүктүрүү үчүн балдар 2-3 саат бою окуганды, жазганды, ыр жаттаганды жана сүрөт тартканды үйрөнөт», - деп айтты Р.Отунбаева.