Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, Эл аралык коомдук фондунун уюштуруучусу Р. И. Отунбаеванын Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарына сапары
February 10, 2014, 06:0010-13-февралда КР экс-Президенти Р. И. Отунбаеванын Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарына сапары болуп өттү, ал үч маселе: сапаттуу мектеп тамак-ашын алга илгерилетүү, жамааттык балдар бакчаларынын санын көбөйтүү, мектепке бараар алдында сменалык окутуу аркылуу балдарды мектепке чейинки даярдоо менен камтууну арттыруу жана ар бир облуста жай мезгилинде жайлоодогу балдар бакчаларын түзүү менен байланышкан. Жолугушуулар облустун жетекчилигинин, КР билим берүү жана илим министринин орун басары Д.Кендирбаеванын, ООН ВППнын офисинин жетекчиси Р.Сараванамуттунун, ЮНИСЕФ офисинин жетекчиси Дж.Вейтчтин, Япониянын Кыргызстандагы Элчиси Т.Коикенин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын, райондордун акимдеринин, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларынын, жайыт комитеттеринин жетекчилеринин, мектеп директорлорунун, облустук санитардык-эпидемиологиялык станциялардын жетекчилеринин, социалдык иш боюнча бөлүмдөрдүн башчыларынын, НПОлордун балдардын маселелери боюнча активисттеринин катышуусу менен облустук администрацияларда өттү. Ар бир облуста жаңы балдар бакчаларын түзүүдө, жабдууларды сатып алууда, тарбиялануучуларды окутууда айрым жылыштар белгиленди. 2013-жылдын ичинде Жалал-Абад облусунда – 14, Ош облусунда – 45 жана Баткен облусунда 26 балдар бакчасы ачылган. Февралда Жалал-Абад облусунда Монтессори системасы боюнча түштүк региондо биринчи жеке балдар бакчасынын ачылышы болуп өттү. Ош Университети өзүнүн балдар бакчасын ачты, ал мектепке чейинки балдарды тарбиялоочуларды окутуу жана тарбиялоонун жаңы ыкмаларын киргизүү үчүн педагогикалык факультеттин базасы болуп калат. Бардык облустардагы жайыт комитеттери жайлоодо балдар бакчаларын түзүү идеясын колдоду жана келерки жайда эле ушундай балдар бакчаларын ачууга даярдыгын билдирди. Визиттин алкагында экс-Президент сегиз балдар бакчасына барды, алардын үчөө Баткен облусунун чек арага жакын – Ак-Сай, Ак-Татыр жана Паскы-Арык айылдарында жайгашкан. Ош мамлекеттик университетинде профессордук-окутуучу курам, педагогика жана психология факультеттеринин студенттери менен жолугушуулар өткөрүлдү. Визит күндөрү Жалал-Абад Университетинде Монтессори институтунун директору Н.Н. Смирнова (Москва) балдар бакчаларынын директорлору, мектепке чейинки балдардын усулчулары үчүн лекция окуду. Жалал-Абад Университетинде ректор А. Б. Абдрашев Илимий Кеңештин чечимин жарыя кылды жана Р.И.Отунбаевага Университеттин Ардактуу профессорунун дипломун жана мантиясын тапшырды. Экс-Президент Жалал-Абад педагогикалык колледжине жана анын жатаканасына барды, ал жерде студенттер менен жолугушууларды өткөрдү. Ош шаарында Р.И.Отунбаева бүтүрүүчүсү болуп саналган Киров атындагы орто мектептин жогорку класстарынын окуучулары менен жолугушуу болду. Азыркы билим берүүнүн, кесипти тандоонун көйгөйлөрү жана кесиптик багыт алуунун маселелери жөнүндө кызуу пикир алышуу жана дискуссия болуп өттү.