Фотоотчет. «Музыка – элдин дили: Украина» лекция-концерти
January 27, 2014, 06:0025-январда «Музыка – элдин дили» музыкалык-билим берүү программасынын кезектеги жолугушуусу өттү. Бул жолу программа украин элинин музыкалык маданиятына арналды. Долбоордун максаты концерттердин серияларын өткөрүү, Кыргызстан калкынын музыкалык маданияты жөнүндө китептерди иштеп чыгуу жана басып чыгаруу аркылуу Кыргызстанда жашаган этностук топтордун музыкалык маданияты менен тааныштыруу болуп саналат. Уюштуруучулар болуп «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, Кыргызстан калкынын Ассамблеясы, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы, КР Коомдук телерадиокорпорациясы саналат.
Loading...