Волонтерлук

Фонд волонтерлор менен кызматташтыкка дайыма куштар. Волонтер – бул башкаларга акысыз жардам көрсөтүүгө даяр адам. Волонтерлук – бул өз максатын ишке ашыруу, жаңы билимдерди жана жөндөмдөрдү алуу, баарлашуу чөйрөсүн кеңейтүү мүмкүнчүлүгү, кала берсе көп учурда жаңы кесип. Волонтер болуп калуу менен, Сиз жардам көрсөтүп гана тим болбостон, ошондой эле өзүңүз үчүн көп сандаган артыкчылыктарды ала аласыз, атап айтканда:

  • Жаңы досторду жана кызыктуу тааныштарды табасыз
  • Өзүңүзгө ишеничти сезесиз, өзүңүздү керектүүмүн деп сезип каласыз
  • Командада иштөөгө, көйгөйлөрдү чечүүгө жана компромисстерди табууга үйрөнөсүз
  • Жооптуу жана тыкан болууга үйрөнөсүз
  • Өз турмушуңузду жакшы жагына өзгөртөсүз жана маанилүү тажрыйба аласыз

Биздин волонтерлорубуз социалдык тармактарда баарлашат, иш-чараларды уюштурууга жардам берет, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын ар түрдүү долбоорлоруна катышат жана жөн гана биз менен жана өз ара достошот. Волонтер болуп калуу үчүн буга өзүңдүн бардык убактыңды арноонун кереги жок, күнүнө же жумасына бир нече саат бөлүү жетиштүү болот. Биздин ынтымактуу чоң командабыздын бир бөлүгү болууну кааласаңыз – Сизди кубануу менен күтөбүз, Сиздин жардамыңыз болмоюнча биз ойлонулган бардык жакшы нерселерди уюштура албайбыз! Эгерде Сиз Фонддун волонтеру болуп калууну кааласаңыз, анда төмөнкү анкетаны толтуруңуз жана биз Сиздин өтүнмөңүздү сөзсүз карайбыз.

Волонтердун анкетасы