Эфирде “Шакжүрүш”программасы. “Илимдеги кыздар” долбоору.

October 10, 2021, 22:03

2020-жылы ЮНИСЕФ 14-18 жаштагы кыздарга илим, технология, инженердик иш жана математика боюнча колдоо көрсөтүүгө жана бул тармакта көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү алууга багыт берген “Илимдеги кыздар” программасын баштаган. “Илимдеги кыздар” программасы 14-18 жаштагы 500 окуучу кызды камтыйт. Программанын максаты – 2022-жылга карата жок дегенде 15 000 кызды, анын ичинде калктын аярлуу катмарындагы жана мигранттардын үй-бүлөсүндөгү кыздарды тренингдерге катышууга тартуу болуп эсептелет. Бул аларга маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар, так илимдер, инженерия жана математика жаатында өз кесибин аңдап-түшүнүп тандап алышына шарт түзөт. Жакырчылыктан чыгууга жардам бере алган көндүмдөргө ээ болууга көмөкчү болот. Уктурууга "Илимдеги кыздар" долбоорунун координатору Роза Кайыкова,"Илимдеги кыздар" долбоорунун устаты, дизайнер Жумагуль Сариева жана "Илимдеги кыздар" долбоорунун шакирти Карима Жекшенова катышууда.