Уктай койчу бөбөгүм, ак бешикке бөлөйүн
March 25, 2022, 21:51Баардык автордук укуктар «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан корголгон. Көчүрүүгө жана жайылтып сатууга тыюу салынат!!! “Бешик ырлары” диски «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду өткөргөн жалпы республикалык конкурстун жыйынтыгында мыкты чыгармалардын топтому болуп чыгарылган. Бул топтомду даярдоо менен салттуу (элдик) жана азыркы бешик ырларын даңазалоо аркылуу балдарды эрте өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатын көздөдүк. Бешик ырлары жакшы каалоолор жана бала менен эненин ортосундагы эмоциялык байланышты камсыз кылат. Баланы жакшы көрүүнү билдирүүдө, наристени сооротууда жана уйкуга даярдоодо бешик ырлары көп кылымдар бою жардам берип келген Бул топтомдо салттуу (элдик) жана жаңы автордук бешик ырлары бар. Аткаруучу Зиягүл Сатыбалдиева. Сөзү, обону: Канышай Капарова Уктай койчу бөбөгүм Ак бешикке бөлөйүн Уктаганча жөлөгүм мээримимди төгөйүн Алдей, алдей ак балам, Ак бешикке жат балам Умай энеӊ кайтарсын Душманыңды майтарсын Түшкө кирип энекең Мээрим менен таң атсын Алдей,алдей ак балам Ак бешикке жат балам Апакеңе өбөк бол Атакеңе жөлөк бол Эл керекке жараган Ак жолтойлуу бөбөк бол Алдей,алдей ак балам Ак бешикке жат балам Ак сүтумдү ийгеним Ак батамды бергеним Актаса деп үмүтүм Аруу тилек тиледим Алдей ,алдей ак балам Ак бешикке жат балам