Түпкү аталар нурунан, уюп келген жан балам

March 21, 2022, 23:15

Баардык автордук укуктар «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан корголгон. Көчүрүүгө жана жайылтып сатууга тыюу салынат! “Бешик ырлары” диски «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду өткөргөн жалпы республикалык конкурстун жыйынтыгында мыкты чыгармалардын топтому болуп чыгарылган. Бул топтомду даярдоо менен салттуу (элдик) жана азыркы бешик ырларын даңазалоо аркылуу балдарды эрте өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатын көздөдүк. Бешик ырлары жакшы каалоолор жана бала менен эненин ортосундагы эмоциялык байланышты камсыз кылат. Баланы жакшы көрүүнү билдирүүдө, наристени сооротууда жана уйкуга даярдоодо бешик ырлары көп кылымдар бою жардам берип келген Бул топтомдо салттуу (элдик) жана жаңы автордук бешик ырлары бар. Аткаруучу Зиягүл Сатыбалдиева. Сөзү: Гүлжамила Шакирова, обону Жалил Садыков Түпкү аталар нурунан Уюп келген жан балам Түпкү энелер ырынан Муюп келген жан балам Алдей балам алдей , алдей балам алдей, ай балам Канатынды жайгын, жай балам Алдей, алдей, алдей, алдей , алдей, алдей ак балам Ак бешикте уктап жат балам Элиң үчүн кам көргөн Байкер болоор бекенсин Баатыр Манас атаңдай айкөл болоор бекенсин Жаман бала болбо Жакшыларды жолдо, жан балам Ак бешикте уктап кал балам Бешенеңе нур жаап Бешигиңе ыр жаап уктагын мага керек аман турганың Эл журтуңду ойлогон Эр азамат болгунуң Кызмат кылып элиңе бак дөөлөткө конгунуң Алдей балам алдей , алдей балам алдей ,ай балам Канатыңды жайгын, жай балам Алдей, алдей, алдей , алдей, алдей, алдей ак балам Ак бешикте уктап жат балам Уктап калчы чырдабай Умай энең көшүтсүн Апакендин тилегин Аруу дүйнөң эшитсин Жаман бала болбо Жакшыларды жолдо жан балам Ак бешикте уктап кал балам Бешенеңе нур жаап, Бешигиңе ыр жаап уктагын Мага керек аман турганың Алдей, алдей, алдей, алдей, алдей, алдей ак балам, Ак бешикте уктап жат балам, Алдей, алдей ,алдей алдей , алдей, алдей ай балам, Уктап калчы, уктап жай балам.