Адырдын гүлүн терейинби, алмадан үзүп берейинби

February 16, 2022, 20:53

Баардык автордук укуктар «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан корголгон. Көчүрүүгө жана жайылтып сатууга тыюу салынат!!! “Бешик ырлары” диски «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду өткөргөн жалпы республикалык конкурстун жыйынтыгында мыкты чыгармалардын топтому болуп чыгарылган. Бул топтомду даярдоо менен салттуу (элдик) жана азыркы бешик ырларын даңазалоо аркылуу балдарды эрте өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатын көздөдүк. Бешик ырлары жакшы каалоолор жана бала менен эненин ортосундагы эмоциялык байланышты камсыз кылат. Баланы жакшы көрүүнү билдирүүдө, наристени сооротууда жана уйкуга даярдоодо бешик ырлары көп кылымдар бою жардам берип келген Бул топтомдо салттуу (элдик) жана жаңы автордук бешик ырлары бар. Аткаруучу Зиягүл Сатыбалдиева. Сөзү: Жыпаргүл Файзуллаева, обону: Жыпаргүл Файзуллаева Адырдын гүлүн терейинби Алмадан үзүп берейинби Ажарлуу аппак жүзүңө мен Айланып сага кетейинби Кызгалдак гүлүн терейинби Кызыма арнап берейинби Кыргыздын намыстуу кызы бол деп Ата-энең айтат тилегини Ай кызым менин Перизат Атыңа затың жарашат Ар дайым сага каалаймын Өмур , сүйүү, махабат Тоолордун гүлүн терейинби Толкундап сага берейинби Тагдырың тайкы болбосун деп Ата-энең айтат тилегини Өмүрдүн гүлүн терейинби Өзүңө арнап берейинби Өмүрүң узун болсун деп Энекең айтат тилегини Ай кызым менин периштем Ак жүзүң сага келишкен Оролуп турсаң мойнумда Аселим, ширин дедирген Ай кызым менин Перизат Атыңа затың жарашат Ар дайым сага каалаймын Өмүр, сүйүү, махабат